Sign In
ЕАЭБдин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил аяктады

ЕАЭБдин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил аяктады

1100_IMG_5079.jpg
21.10.19

Аталган өткөөл мезгилдин ушул жылдын 18-октябрында аякташы менен аттракциондорду техникалык регламент күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда, 2018-жылдын 18-апрелине чейин берилген, улуттук мыйзамдардын талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документтер менен жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү токтотулду.

Ошондой эле, 2019-жылдын 18-октябрына чейин мурда милдеттүү шайкештигин баалоого жатпаган продукцияны чыгарууга жол берилчү. Эми жол берилбейт.

Ошентип, ушул жылдын 18-октябрынан тарта бардык аттракциондор алар ЕАЭБдин техникалык регламентине шайкеш келгенде жана мындай шайкештикти тастыктаган документтер болгондо гана жүгүртүүгө чыгарылышы зарыл.

Шайкештик жөнүндө сертификат жогорку кооптуулууктагы механизациялаштырылган аттракциондор үчүн керек. Бул, мисал үчүн, механизациялаштырылган приводу бар чоң көрүүчү айлампа, кагылышуучу электр автомобилдери, толугу менен көңтөрүлүүчү селкинчектер жана көптөгөн башкалар. Шайкештик жөнүндө декларация эксплуатациясы кыйла коопсузураак механизациялаштырылбаган аттракциондор үчүн керек, алардын катарына дөбөчөлөр, анын ичинде суу дөбөчөлөрү, батуттар, кол менен күүлөнүүчү селкинчектер жана каруселдер жана башка ушул сыяктуу продукция кирет.

Эскерте кетсек, Бирликтин «Аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенти 2018-жылдын 18-апрелинде күчүнө кирген жана аттракциондорду долбоорлоого, даярдоого, аларды монтаждоого жана тууралоого, эксплуатациялоого жана сактоого карата милдеттүү талаптарды белгилеген.

Мисалы, эксплуатациялоочу уюм, техникалык регламентке ылайык, аттракционго кире бериш жерде аны пайдалануу эрежелерин, ошондой эле, эгер «аттракциондун биомеханикалык таасирлери алар үчүн жол берилген болсо», майып жүргүнчүлөрдү тейлөө эрежелерин жайгаштырууга тийиш. Ошондой эле, эгер эксплуатациялык документтер менен каралган болсо, жүргүнчүлөрдүн ден-соолугунун абалына, жашына, боюна жана салмагына жараша аттракционду пайдаланууга чектөөлөр жөнүндө маалыматты жайгаштырышы зарыл. Аталган маалыматтар орус тилинде жана Бирликтин өлкөлөрүнүн мыйзамдарында тийиштүү талаптар болгон учурда – аттракцион эксплуатацияланып жаткан мүчө мамлекеттин мамлекеттик тилинде көрсөтүлөт. Ошондой эле, эгер тийиштүү документтер менен каралган болсо, эксплуатациялоочу уюмдун бойду өлчөгүчү жана таразасы болууга тийиш.

Мындан сырткары, эксплуатант аттракциондорду күнүмдүк жана ар жылдык текшерүүдөн жана башка каралган текшерүүлөрдөн өткөрүүгө милдеттүү. Техникалык регламент аны ар бир аттракционго кире бериш жерде, текшерүүнү ишке ашырган уюмду көрсөтүү менен, акыркы ар жылдык текшерүүнүн күнү жана жакынкы ар жылдык текшерүүнүн күнү жөнүндө маалыматты камтыган тактайчаны жайгаштырууга милдеттендирет.​