Sign In
ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБдин рыногун кооптуу продукциядан коргоого жардам берет»

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБдин рыногун кооптуу продукциядан коргоого жардам берет»

21.10.19

«Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн көзөмөлдөө органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн туура түзүлгөн натыйжалуу тутуму рыноктогу кооптуу продукциянын аныкталышын жана анын жүгүртүүдөн алып салынышын камсыз кылат», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 17-октябрда анын төрагалыгы астында ЕЭКте өткөн жогорку деңгээлдеги кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешмеде Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик техникалык жөнгө салуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо органдарынын, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын жетекчилери катышышты. ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, Бирликтин бирдиктүү милдеттүү талаптарынын аткарылышын контролдоо милдеттери менен бириктирилген бул мамлекеттик органдар ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген продукциянын рынокко келип түшүшүнө жана анын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн кеңири тутуму болуп саналат. 

Интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө жараша көзөмөлдөө органдарынын ишинин маанилүүлүгү өсө бермекчи. Алардын ишмердигинин натыйжаларынын кургак көрсөткүчтөрүнүн артында регионалдык экономикалык бирикменин чоң аймагындагы калктын жашоосун жана саламаттыгын сактоо маселелери турат. Ошол эле учурда бизнеске ашыкча жүктөмдүн болушун болтурбоо максатында, көзөмөлдөө иш-чараларын оптималдаштыруу, продукциянын эң көйгөйлүү түрлөрүнө басым жасоо өзгөчө маанилүү. 

Кеңешменин катышуучулары ишмердиктин натыйжалары жана Бирликтин техникалык регламенттерине шайкеш келбеген эң эле ар түрдүү товарларды аныктоо боюнча мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) уюштуруу тажрыйбасы менен алмашышты. Улуттук контролдоо (көзөмөлдөө) органдары шайкеш келбестиктердин көпчүлүк бөлүгүн импорт жаатында аныктап жаткандыгы белгиленди. Бул иштин майда-чүйдөсү болбойт – жадагалса маркалоодогу шайкеш келбестиктердин артында продукцияны туура эмес пайдалануу тобокелдиги турат, ал эми бул адамдардын ден-соолугу үчүн коркунуч туудурат. Көп учурларда тийиштүү эмес маркалоо товарлардын контрафакттуулугунун белгиси болуп саналат. 

Көзөмөлдөө кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү интеграциянын бул эң маанилүү багытындагы ишти активдештирүү боюнча Комиссиянын сунуш кылган иш-чараларын колдошту. Комиссиянын Коллегиясынын тийиштүү Сунуштамасын аткаруунун алкагында, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат алмашуунун форматы боюнча бир катар конструктивдүү сунуштар айтылды.

Кеңешменин катышуучулары Бирликтин техникалык регламенттерине шайкеш келбеген кооптуу продукция жөнүндө маалымдоонун бирдиктүү тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоордун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бөлүштү. Аталган долбоор мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын макулдашылган чечими боюнча ишке ашырылууда. Бирдиктүү тутумда иштөө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көзөмөлдөө органдарына ыкчам жооп берүүгө жана кооптуу продукциянын бир өлкөнүн алкагында гана жүгүртүлүшүнүн алдын алууга эмес, аны Бирликтин бүткүл мейкиндигинде жүгүртүүдөн алып салууга мүмкүндүк берет. Керектөөчүлөрдүн аныкталган коопсуз эмес продукция жөнүндө маалыматты өз убагында алышы да чоң мааниге ээ. 

Пилоттук долбоордун ийгиликтүү аякташына чоң маани берип жатып, Виктор Назаренко ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик контроль (көзөмөл) жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарын тутумду тесттик жана иш жүзүндөгү эксплуатациялоодо активдүү катышууга чакырып өттү. Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт ЕЭК Кеӊешинин жакынкы отурумунда көрсөтүлмөкчү. 

Иш-чаранын аягында көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү учурда мамлекеттик ички макулдашуу жол-жобосунан өтүп жаткан, Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүүнүн принциптери жана мамилелери жөнүндө макулдашуунун долбоору менен каралган экинчи деңгээлдеги документтерди талкуулоо боюнча иштерди демилгелөө зарылчылыгы тууралуу маалымдалышты. 

Макулдашуунун долбоору менен каралган документтер мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын координациясынын механизмин түзүүгө, көзөмөлдүн натыйжалары боюнча келип чыккан келишпестиктерди кароонун тартибин белгилөөгө, ошондой эле кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумунун так иштөө эрежелерин аныктоого жардам берет.​