Sign In
ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: керектөөчүлөр укугун коргоо, Биримдик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо жана ТЭИ катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасын түзүү чечимдерин кабыл алды.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: керектөөчүлөр укугун коргоо, Биримдик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо жана ТЭИ катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасын түзүү чечимдерин кабыл алды.

21.11.17

Онлайн – соодада керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча сунуш – көрсөтмөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын  Коллегиясында 21-ноябрда кабыл алынды. Мындан тышкары, «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган, продукциялардын коопсуздугу тууралуу» техникалык регламентине карата  оңдоо иштеринин башталгандыгын аныктаган, өтмө жоболор белгиленди.

ЕЭК Коллегиясы магнетрондорго кириш бажы алымын убактылуу нөлгө айландыруу маселесин жактырды жана «ЕАЭБ алкагында тышкы экономикалык иштин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасы жөнүндө» келишимди мамлекеттик ички макулдашуулар үчүн Биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүүгө көрсөтмө берди.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин ТЭИ ТНде өзүнчө субпозицияга иштөө жыштыгы 2,44 ГГц дан кем болбогон, бирок 2,47 Ггцдан ашпаган жана чыккан кубаттуулугу 600 Вттон кем эмес, бирок 1 кВттан ашпаган магнетрондорду бөлүүнү (код 8540 71 000 1 ЕАЭБ ТЭИ ТН), ошондой эле ЕАЭБнын Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) кириш бажы алымынын ченин 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө 8 ден 0%га чейин төмөндөтүүнү чечти.

Өзүнчө субпозицияга бөлүнгөн магнетрондор – сантиметр диапазонундагы электромагниттик толкундуу генераторлор – микротолкунду мештерди өндүрүү үчүн керектелүүчү катары колдонулат. 2016-жылы ЕАЭБда 1,1 млн даана мына ушундай буюмдар 7,5 млн АКШ долларында импорттолгон. ЕЭК чечими микротолкундуу мештердин жана Биримдик өлкөлөрүндө башка тиричилик техникаларынын көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт.

ЕЭК Коллегиясы онлайн – соодада керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чөйрөсүндө жалпы ыкмаларды жактырды.  Сунуш –көрсөтмө катары иштелип чыккан документ керектөөчүлөргө товарлар тууралуу зарыл жана так маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт. Бул аларга интернет аркылуу сатып алууларды ишке ашырууда туура тандоого жана өз сарптоолорун башкарууга жардам берет. ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу Коллегия (министр) мүчөсү Валерий Корешков, биримдик өлкөлөрдүн онлайн – дүкөндөрүнө карата талаптар калыптанып калганын билдирди.

Онлайн – сатуучулар өз сайттарында сунушталуучу товарлар же кызматтар, анын ичинде негизги керектөөчүлүк касиеттер жана техникалык мүнөздөмөлөр, товардын баасы жана сатып алуу шарттары, гарантиялык мөөнөт, колдонуудагы мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү  тууралуу маалыматтарды жайгаштыруулары тийиш.

Бүтүмдү бузуу шарттары, мөөнөттөрү жана тартиби тууралуу маалыматтарды алуу тартиби да белгиленген. Анын ичинде “эгерде аныкталган мөөнөттө аткарылган иштеги (кызмат көрсөтүүдөгү) кемчиликтер аткаруучу тарабынан четтетилбесе, же иште (кызмат көрсөтүүдө) мындай келишимдин шарттарынан четтөө же иштин (кызмат көрсөтүүнүн) башка кемчиликтери олуттуу жана оңдолбос болуп эсептелсе, керектүүчү келишимди бузууга жана чыгымдын ордун толтурууну талап кылууга укугу жөнүндө”.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ар бир мүчө мамлекеттин аймагында Биримдик өлкөлөрүнүн жарандарынын керектөөчүлүк укуктарын бирдей деңгээлде камсыздоого мүмкүндүк берген жоболорду киргизүү сунушталат. Ошондой эле, талаштарды аралыктан жөнгө салуу жана керектөөчү менен келишимди тариздөөнүн шарттарына жана тартибине, келишимдерде көрсөтүлгөн тексттин жана маалыматтын шрифтинин өлчөмүнө карата талаптарды аныктоого мүмкүнчүлүк каралган. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алуучуга товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө толук жана анык маалыматты бербеген сатуучуга жүктөлгөн жоопкерчиликти аныкташат.

ЕЭК Коллегиясы 2018-жылдын 25-сентябрында күчүнө кире турган «Балдарга жана өспүрүмдөргө арналган, продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентти өзгөртүүлөргө карата өтмө жоболорду белгиледи.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн продукциянын шайкештигине баа берүү тууралуу, өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген  документтер,  алардын колдонуудагы мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө болоору каралган. Алар боюнча мындай товарлар өндүрүлөт жана  биримдик рыногуна чыгарылат. Ишкерлер аларды белгиленген колдонуудагы мөөнөтү ичинде сата алышат.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен өтмө мезгил аныкталган – 12 ай, бул мезгил ичинде  шайкештигине баа берүү формасы Биримдик техрегламенти тарабынан аныкталбаган жана өзгөрүүлөрдүн алкагында  белгилене турган, кадимки же электрондук тиш щеткаларды, тиш бүйлөлөрү үчүн массажерлорду же үч жаштан жогорку балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган  ушу сыяктуу товарларды өндүрүүгө жана шайкештигине баа берүү документисиз жүгүртүүгө чыгарууга уруксат берилет.

ЕЭК Кеңеши ушул жылдын апрелинде «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган, продукциялардын коопсуздугу тууралуу» техрегламентке оңдоолорду кабыл алгандыгын эскерте кетмекчибиз. Киргизилген өзгөртүүлөр, көбүнчө, бир нече курактык топтор үчүн колдонууга боло турган “типтүү үлгү” терминин тактайт.  Мурда типтүү үлгүлөр ар бир курактык топтор үчүн иштелип чыгууга тийиш болгон, ал тургай кийим же бут кийим да бир эле өндүрүүчү тарабынан бир эле техникалык документтер боюнча бирдей материалдардан даярдалган. Бул продукциянын шайкеш келишине баа берүү жол- жобосун жүргүзүүдө сарптоолорду азайтууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, балдар жана өспүрүмдөр үчүн кийимдерди экичи жана үчүнчү катмарга бөлүү да такталган (биринчи катмарга - ич кийим, экинчи катмарга - териге көп жакындабаган кийимдер, мисалы, көйнөктөр, юбкалар, шымдар ж.б үчүнчү катмарга тышкы кийимдер, ичтелген күрмөлөр кирет). Мында экинчи катмардагы кийим үчүн үчүнчү катмардагыга караганда кыйла катуу талаптар белгиленген. Өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен балдар күрмөлөрү жана мектеп формалары үчүнчү катмардагы кииймдерге кирет, анткени ичмеги кииймдин 40%дан көбүрөөгүн ээлейт.

Мындан тышкары, өзгөртүүлөрдө  балдардын бут кийимдеринин өзүнчө бөлүктөрүн чыгарууда заманбап жасалма материалдарды колдонууга уруксат берилген.

Бул жана башка жаңылануулар балдардын буюмдарына карата коопсуздугу боюнча талаптарды сактоодо натыйжалуу өндүрүштү жогорулатууга өбөлгө түзөт.

ЕЭК менен КМШга катышуучу мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча консультативдик кеңештин ортосунда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум жактырылган. Комиссиянын атынан ага , ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков кол коет.

Документ кара ниет ишкерлерден ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча макулдашылган саясатты натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.

 Мындан тышкары, тараптар Биримдик жана Шериктештик мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга бул чөйрөдө маалыматтык, илимий - усулдук  жана тажрыйбалык жардам көрсөтүүгө макулдашышты.

Меморандумда анын негизги максаты чагылдырылган -2015-жылдын 22-декабрындагы БУУнун башкы Ассемблеясынын резолюциясына ылайык туруктуу жана узак мөөнөттүү негизде  ЕАЭБ жана КМШ мейкиндигинде цивилизациялуу керектөө рыногун түзүү.

ЕЭК Коллегиясынын  буйруусу менен “Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тышкы экономикалык иштин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасы жөнүндө” келишим Биримдик өлкөлөрүнө ички мамлекеттик макулдашууга жөнөтүлдү.

Документте Биримдик алкагында  тышкы экономикалык иштин катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасынын иштөө  жана ТЭИ катышуучусу жөнүндө системада сактала турган, маалыматтарды топтоо тартиби аныкталат.

ЕАЭБнын мамлекеттеринин биринин аймагында иштеп жаткан, ТЭИнин ар бир катышуучусуна  уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Ал тууралуу маалыматтар салык төлөөчүлөрдү каттоонун улуттук системасында сакталат.

Улуттук реетрлердеги бул маалыматтардын негизинде ЕЭК уникалдуу идентификациялык номерлердин бирдиктүү евразия реестрин түзөт. Бул бажы кызматтарынын өз ара ишин жеңилдетип, ТЭИ катышуучуларынын  ишинин онлайн - тарыхын калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Уникалдуу индентификациялык номерлердин жалпы реестринде камтылган маалыматтар тизмегине  юридикалык жактын (уюмдун) толук аталышы, ТЭИ катышуучусу болуп саналган жеке адамдын аты- жөнү, юридикалык дареги, ТЭИ катышуучусунун ишкер жигердүүлүгүнүн абалы тууралуу маалымат - иштеп жаткан, иштебеген, жоюлган жана башка, салык органында катталган күн,  ушул идентификациялык номерди ыйгарган ЕАЭБга мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын толук аталышы ж.б.

ЕСИТСте бардык маалыматтардын топтолушу, сакталышы жана иштелип чыгышы электрондук түрдө жүзөгө ашырылат. Бул ЕАЭБ мүчөлөрүнүн бажы кызматтарынын ортосунда өз ара иш жүргүзүүнү жеңилдетет.

Учурда ЕАЭБ мамлекеттеринде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каттоо жана идентификациялоонун ар кандай системалары колдонулат. Арменияда - бул салык төлөөчүнүн каттоо номери (СКН), Беларусияда - төлөөчүнүн каттоо номери (ТКН), Казакстанда - идентификациялык номер/бизнес- идентификациялык номер (ИН/БИН), Кыргызстанда - СИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери).

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө идентификациялык номер ыйгаруунун ар кандай эрежелери бар, номерлердин өлчөмдөрү ар башка, б.а номердеги сандардын саны. Биримдиктин ар башка өлкөлөрүндө тышкы экономикалык иштин бир же ошол эле субъектиси ар башка идентификациялык номерлер менен катталышы мүмкүн.

ЕСИТС товарларды бажы аркылуу ташууга байланыштуу, соода жол жоболорун бир эле учурда  олуттуу жеңилдетүү менен бажы контролдугунун деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

ЕЭК Коллегиясы айыл чарбаны мамлекеттик колдоо жагында Биримдик мамлекеттерине мониторинг жана салыштырма - укуктук иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө жобону бекитти.

Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бардык ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат топтойт, ага ылайык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. ЕЭК бул актыларды бирикме катышуучулары өзүнө алган милдеттенмелерге шайкеш келишине иликтейт, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларынын квалификация натыйжаларын жана БСУ алкагында   үчүнчү өлкөлөр тарабынан мындай чараларды квалификациялоо тажрыйбасын эске алуу менен укуктук ченемдик жөнгө салууга негиздүү баа берет.

Мындан тышкары, Комиссия Биримдик мамлекеттеринин айыл чарбаны колдоо, анын ичинде бул чөйрөдө БСУ укугун өнүктүрүү маселелси боюнча биргелешкен консультацияларды жүргүзүүгө көмөктөшөт.

Мониторингдин жана салыштырма - укуктук иликтөлөрдүн натыйжалары айыл чарбаны мамлекеттик колдоо чөйрөсүндө агроөнөр жай сасяаты боюнча баяндону даярдоодо колдонулат.