Sign In
“Светофорлор” керектөөчүлөргө туура тандоого жардам берет.

“Светофорлор” керектөөчүлөргө туура тандоого жардам берет.

0V6A3351.jpg
21.11.17

“Светофор” системасы боюнча тамак аш азыктарын маркировкалоо мүмкүнчүлүгү, Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жагында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешинин   отурумунда талкууланды. Биримдик мамлекеттердин мамлекеттик  башкы санитардык врачтар жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү Валерий Корешков Россиянын туура тамактанууга көмөктөшүү үчүн маркировкалоонун түстүк схемаларын пайдаланууга жалпы ыкмаларды аныктоо боюнча демилгесин колдоду.

Валерий Корешков “Бул тармактагы негизги документ - Биримдиктин “Маркировкалоого тиешелүү тамак аш азыктары” техникалык регламенти. Ал товарларга түшүрүлүүчү жазууларга карата талаптарды камтыйт, мисалы, аталышы, курамы, азыктын саны, ал даярдалган күн, колдонуудагы мөөнөтү, сактоо шарттары жана азыктын сапатын аныктоочу бир катар башка көрсөткүчтөр. Сатып алуучу туура тандоо жасашы үчүн талаптар жеткилитүү

Бирок адамдарга идентификациялоо процессин кыйла жеңилдетүү үчүн россия тарап таңычактарга кызыл, сары жана жашыл түстөгү көрүнөө сызыктарды түшүрүүнү сунуштады. Жана Комиссиянын  ЕАЭБнын мүчө мамлекеттери үчүн  бул боюнча  сунуштарын даярдоо. Түстөр ден соолукка зыян май, туз жана кант сыяктуу заттардын ашыкча өлчөмүнүн деңгээлин көрсөтөт. Эгерде азыкта кызыл тилке турса - демек, анда зыяндуу заттардын концентрациясы жогору, сары - орточо, жашыл -төмөн: товарды сатып алууга болот. Мында майда жазылган жазууларга көңүл бурууну деле кажети жок. Ал эми товардагы тузга, кантка, майдын санына карата дүкөн “светофорун” колдонуу, мындай маркировкалоону сатып алуучулар үчүн өзгөчө жеңил кылат.

Комиссиянын сунуш көрсөтмөлөрү боюнча ишти Кеңештин мүчөлөрү ЕЭК аянтчасынан дароо - өтүп жаткан жылдын ноябрь- декабрь айларында баштоону чечишти.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары Биримдик өлкөлөрүндө медико - профилактикалык профилдеги адистерди даярдоо маселесин талкуулашты. Бул чөйрөдө тажрыйба алмашуу боюнча семинарларды өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.