Sign In
ЕЭК жана Кара деңиз экономикалык кызматташтыгы интеграциялык бирикмелердин өз ара иштешүүсүнүн маселелерин талкуулашууда

ЕЭК жана Кара деңиз экономикалык кызматташтыгы интеграциялык бирикмелердин өз ара иштешүүсүнүн маселелерин талкуулашууда

22.05.17

22-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, 2017-жылы Кара деңиз экономикалык кызматташтыгында (КДЭК) төрагалык кылуучу түркиялык тараптын чакыруусу боюнча КДЭКтин 25-чи мааракелик саммитинин ишине катышып келди. 

Буга чейин, 27-апрелде, Тигран Саркисян КДЭК башкы катчысы Майкл Кристидес (Michael Christides) менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда интеграциялык бирикмелердин өз ара иштешүүсүнүн маселелери талкууланган.

Самитте КДЭК мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгынын маселелери, өнүгүүсүнүн перспективалары жана аймактын келечеги каралды. Дагы бир маанилүү тема бирикменин үчүнчү өлкөлөр жана уюмдар менен өз ара иштешүүсүнүн форматтарын талкуулоо болду.

Саммиттин алкагында Тигран Саркисян КДЭК мүчө-өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.