Sign In
ЕЭКтин электроэнергетика боюнча Консультативдик комитети ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча "жол картасын" деталдаштырды

ЕЭКтин электроэнергетика боюнча Консультативдик комитети ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча "жол картасын" деталдаштырды

22.06.20

Евразия экономикалык бирлигинин беш өлкөсүнүн жалпы электроэнергия рыногун (ЖЭР) түзүү боюнча иш-чаралардын "жол картасы" электроэнергетика боюнча Консультативдик комитеттин 13-чү отурумунда бекитилди. Анда жалпы рынокту түзүү боюнча иштин орто аралык баскычтары такталып, деталдаштырылат. Коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу боюнча чаралардан улам бетме-бет эмес режимде өткөрүлгөн иш-чаранын протоколуна ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев кол койду. Ошентип, ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча иш улантылууда, ал 2025-жылдын 1-январынан калбай иштеп баштоого тийиш.

 

"Бирликтин жалпы электроэнергия рыногунун толугу менен ишке киргизилиши электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын бекемдөө үчүн өбөлгөлөрдү түзмөкчү", – деди Эмиль Кайкиев.

 

"Жол картасынын" жогорку деңгээлинин архитектурасы буга чейин иштелип чыккан жана бекитилген. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин башчылары электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүгө багытталган Иш-чаралардын планын 2019-жылдын 20-декабрында бекитишкен. Документте ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногунун ишин жөнгө салуучу актыларды (эрежелерди, регламенттерди) кабыл алуунун мөөнөттөрү белгиленген. Ошондой эле, соода аянтчаларын тандоо жана рыноктун технологиялык негизин сыноо сыяктуу бир катар уюштуруучулук иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрү белгиленген.

 

ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча процесстердин ырааттуулугун мүмкүн болушунча оптималдаштыруу үчүн, өлкөлөрдүн эксперттери документтердин долбоорлорун иштеп чыгуунун жана макулдашуунун орто аралык баскычтарын да аныктоо зарыл деген чечимге келишти. Бул үчүн ЕЭК менен биргеликте "жол картасынын" долбоору даярдалды. Ал ар бир документ боюнча Консультативдик комитеттин жактыруусунун, жөнгө салуучу таасирди баалоону жүргүзүүнүн жана Бирликтин органдарынын кезек менен талкуулоосунун мөөнөттөрүн камтыйт. Бардык тараптар аталган "жол картасын" бекитүүнү колдошту. Электроэнергетика боюнча Консультативдик комитеттин ЕАЭБдин жалпы электроэнергия рыногун түзүү боюнча комитетчесинин мүчөлөрү актылардын үстүнөн иштөөнүн документте бекитилген орто аралык мөөнөттөрдү жетекчиликке алууга милдеттүү.

 

Күн тартибинин мамлекеттер аралык кесилиштердин (мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын) өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүүгө карата мамилелерге байланыштуу маселеси боюнча тараптардын позициялары жакындады. Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринин долбоорун иштеп чыгууда эксперттик деңгээлде илгерилөөгө мүмкүндүк берүүчү прогресс белгиленди.​