Sign In
ЕЭК кытай подшипниктерине демпингге каршы алымдын аракетин узартты жана ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлады

ЕЭК кытай подшипниктерине демпингге каршы алымдын аракетин узартты жана ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлады

22.08.18

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 21-августтагы отурумунда соода, ички рыноктордун иштеши, техникалык жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Кытайдан келүүчү термелүү подшипниктерине карата демпингге каршы алымдын аракетин узартты, балык өстүрүү үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүнө бажы алымдарын жойду, ЕЭКтин жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.
ЕЭК Коллегиясы Кытайдан келүүчү термелүү подшипниктерине (ийнелүүлөрдөн сырткары) карата демпингге каршы алымдын аракетин узартты. Алым өндүрүүчү кытай ишканасына жараша бажы наркынын 31,3%ынан 41,5%ына чейинкини түзөт.
ЕЭК Коллегиясынын 2013-жылдын 17-сентябрындагы чечимине ылайык термелүү подшипниктерине демпингге каршы чара 2018-жылдын 20-январына чейин колдонулду, анын колдонулушу тергөө мезгилине узартылып турду.
Кайталанган тергөөнүн натыйжалары боюнча Комиссия демпингге каршы чаралар жок болгон учурда кытай экспорттоочулары демпингдик баалар боюнча Бирликтин рыногуна подшипниктерди жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтө аларын аныктады. Бул болсо тармактын экономикалык абалынын начарлашына алып келер эле.
Балык өстүрүү үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүнө, атап айтканда, балыкка тоют берүүгө арналган сүзүп жүрүүчү каражаттарга жана ачык деңизде балыкты көбөйтүү үчүн балык өстүрүүчү садокторго бажы алымдары жоюлду. Чара 2019-жылдын 31-декабрын кошуу менен ага чейин колдонулат. Бүгүнкү күндө бул товарларга бажы алымдары 10-15%ды түзөт.
Сөз деңиз фермасына орнотула турган жана атлантика сому менен кубулган жилингирди өнөр жайлык өстүрүүгө арналган балык өстүрүүчү жабдуулар жөнүндө жүрүп жатат. ЕАЭБ мамлекеттеринде ал өндүрүлбөйт, негизинен Норвегиядан импорттолот.
Аталган чара сом балыктарын өнөр жайлык өстүрүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүүгө, Бирликтин балык чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө, балыкты көбөйтүү үчүн жарактуу деңиз участокторун өздөштрүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жана балык чарба фермаларын курууга түрткү берет.
ЕЭК Коллегиясы Беларусь Республикасынан шампиньондорду Россияга жеткиррүүгө Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы убактылуу чектөөлөрдү киргизиши жөнүндө маселени карады.
Беларусь жана Россия тараптардын өкүлдөрү катышкан талкуунун жүрүшүндө Беларусь Республикасынан шампиньондорду россиялык аймакка жеткирүүгө Россельхознадзор убактылуу чектөөлөрдү киргизишине байланыштуу ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлоо чечимин кабыл алды.
Чектөө 14-июлда Россельхознадзор карантиндик фитосанитардык контролдоо пунктунда белорус ишканасы экспорттогон, маркалоосунда чыккан өлкө деп Польша Республикасы көрсөтүлгөн жаңы шампиньондордун партиясын тапкандыгына байланыштуу киргизилген. Мында жүк Беларустун ыйгарым укуктуу органы берген фитосанитардык сертификат менен коштолгон.
Россельхознадзор чыккан өлкөсү болуп Беларусь Республикасы саналган шампиньондорду Россияга алып келүүгө 24-июлдан тартып толук тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Ошондой эле белорус тарапка өсүмдүк тегиндеги продукциянын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүү сунуш кылынган.
ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык алардан мунайга нөлдүк экспорттук алым салына турган Россия Федерациясынын кен чыккан жерлеринин тизмеги Түштүк-Лямин мунай кени менен толукталды.
ЕЭК Коллегиясы Изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде «Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө» ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарын колдонуу жана аткаруу, техникалык жөнгө салуу объектилеринин шайкештигин баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү, кайра кароо) боюнча программаны бекитти.
Программа, жооптуу иштеп чыгуучусу болуп Казакстан аныкталган, мамлекеттер аралык стандартты жана колдонуудагы бир катар мамлекеттер аралык стандарттарды кайра карап чыгуунун негизинде мамлекеттер аралык алты стандартты 2019-жылга чейин даярдоону караштырат.
Программа, атап айтканда, минералдык жер семирткичтердеги табигый радионуклиддердин салыштырма активдүүлүгүн аныктоо ыкмасын иштеп чыгууну камтыйт (аны Казакстан иштеп чыгат). Мындан тышкары, Программага сынамдарды тандоо жана даярдоо, минералдык жер семирткичтерде гранулометрикалык курамды, аммиак селитрасындагы жана анын негизиндеги жер семирткичтердеги хлориддердин массалык үлүшүн аныктоо, биуреттин камтылышын аныктоо ыкмаларын иштеп чыгуу кирет.
Бажы декларациясын тапшыруу «Минералдык жер семирткичтерге карата талаптар жөнүндө» ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин баалоо жөнүндө документти берүү менен коштолгон продукциянын тизмеги бекитилди.
Тизмекте ЕАЭБдин ТЭИ ТНнын коддору бар жер семирткичтердин беш түрү бар. Булар – азоттуу, калийлүү, фосфорлуу жер семирткичтер, бир нече негизги аш болумдуу элементтерди билдирилген камтуу менен, анын ичинде макро- жана микроэлементтери менен микро жер семирткичтер жана комплекстүү жер семирткичтер. Техрегламент органикалык жана органоминералдык жер семирткичтерге жайылтылбайт.
ЕЭК Коллегиясы Евразия Экономикалык Комиссиясынын жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды.
Агенттик медициналык буюмдардын түрлөрүнүн эл аралык деңгээлде таанылган, ирээтке келтирилген номенклатуралык классификаторун түзөт жана жүргүзөт. Глобалдык номенклатураны азыр медициналык буюмдарды 70тен ашык улуттук жөнгө салуучу колдонот.
Меморандумдун алкагында Глобалдык номенклатуранын өзгөрүүлөрүнө жараша ЕАЭБдин медициналык буюмдар номенклатурасын жаңылоо, маалымат жана тажрыйба алмашуу, өз ара кызыкчылыкты билдирген маселелер боюнча биргелешкен жолугушууларды, консультацияларды, илимий-практикалык семинарларды жана конференцияларды өткөрүү белгиленген.
Меморандумду ишке ашыруу ЕАЭБдин медициналык буюмдар номенклатурасын Глобалдык номенклатурага шайкеш келтирүүгө, Тараптардын медициналык буюмдарынын классификациясын, алардын номенклатурасын өркүндөтүү боюнча өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууга жардам берет.
Медициналык буюмдардын каттоо досьесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн түрлөрүнүн маалымдамасы жана медициналык буюмдун катталган досьесин карап чыгуу учурунда толтурулуучу документтердин түрлөрүнүн классификатору бекитилди.
Маалымдама жана классификатор ЕАЭБдин ченемдик-маалымдама маалыматынын бирдиктүү тутумунун ресурстарынын курамына киргизилген. Маалымдаманын жана классификатордун код белгилерин пайдалануу медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Бирликтеги жалпы процесстерди ишке ашыруу учурунда милдеттүү болуп саналат.
Маалымдама Медициналык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелерине ылайык медициналык буюмдун катталган досьесине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн түрлөрүнө каратамаалыматтарга код ыйгаруунун негизинде түзүлгөн. Классификатор медициналык буюмдун каттоо досьесин карап чыгуу учурунда толтурулуучу документтердин түрлөрү жагынан маалыматтарга код ыйгаруунун негизинде түзүлгөн.
Бекитилген документтерди ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу  органдарынын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүү учурунда, анын ичинде Бирликте катталган медициналык буюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу учурунда, ошондой эле Каттоо эрежелеринде каралган жол-жоболорду аткаруу жөнүндө арыздарды түзүү учурунда пайдалануу болжолдонууда.
ЕЭК Коллегиясы тышкы жана өз ара сооданы жөнгө салууда ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары толтуруучу, анын ичинде тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоону ырастоо үчүн бажы операцияларын жасоодо берилүүчү документтердин маалымат базасын пайдалануунун жалпы процессин ишке ашыруу эрежелерин бекитти.
Документ маалыматтардын бирдиктүү массивин пайдалануу учурунда уюштуруучулук жана техникалык чечимдерин бир түргө келтирүүнү камсыз кылат. Маалыматтык кызматташтыктын эсебинен ыйгарым укуктуу жана кызыкдар органдардын өз ара аракеттенүүсү жеңил жана натыйжалуу болуп калат.
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин бирдиктүү ТЭИ ТНнын позицияларында аныкталган атайын тамак-аш азыктарын классификациялады
Витаминдерди, микро- жана (же) макроэлементтерди кошуу менен аминокислоталардын же өсүмдүк экстракттарынын аралашмасынан турган, көмөкчү заттарды камтыган, адамдын тамак-ашына балансташтырып толуктоого арналган жана керектөө алдында кошумча даярдоону (сууну аралаштырууну) талап кылган күкүм жана концентрацияланган суюктук түрүндөгү атайын тамак-аш азыгы ЕАЭБдин бирдиктүү ТЭИ ТНнын 2106 товардык позициясында аныкталды. Белоктордун аралашмасынан, өсүмдүк майынан, витаминдер, микро- жана (же) макроэлементтер кошулган углеводдордон турган, көмөкчү заттарды камтыган, адамдын тамак-ашына балансташтырып толуктоого арналган жана суусундук катары колдонулган суюктук түрүндөгү атайын тамак-аш азыгы ЕАЭБ ТЭИ ТНнын 2202 товардык позициясына киргизилди.
Гидравликалык перфораторду жана жүктөөчү пневмоударникти ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ ТЭИ ТНнын 8412 товардык позициясына классификациялады, бул ЕАЭБ өлкөлөрүндө ушул өбөлгөлөрдү классификациялоого бир түрдүү ыкманы түзүү үчүн зарыл.