Sign In
ЕЭК эксперттери ЕАЭБ жөнүндө келишимдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти

ЕЭК эксперттери ЕАЭБ жөнүндө келишимдеги өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти

22.08.19

ЕАЭБ жөнүндө келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн алдын алуу жана эскертүү механизмдерин колдонуу мүмкүн болду. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун Коомдук кабылдамасынын Витебскте өткөрүлгөн отурумунун алкагында аталган механизмдерди ишке ашыруу талкууланды. Бул ушул жылдын август айына пландаштырылган үч отурумдун экинчиси.

ЕЭКтин Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Алия Джумабаева ЕАЭБдин атаандаштык жаатындагы ченемдик-укуктук базасынын айрым аспектилерин түшүндүрүп өттү. Атап айтканда, ал Бирликтин укугундагы өзгөрүүлөр – алдын алуу жана эскертүү институттары тууралуу айтып берди.

Департаменттин директорунун айтуусу боюнча, «алдын алуу жана эскертүү дүйнөлүк иш-тажрыйбада активдүү колдонулуп келет. Алар жалпы атаандаштык эрежелеринин сакталышына натыйжалуу контроль жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болуп саналат, Бирликтин чек ара аралык рынокторунда атаандаштык шарттарын ыкчам калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет».

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Жанна Бирич монополияга каршы блок жүргүзүп жаткан иликтөөлөр тууралуу жаңы маалыматтарды келтирди.

«2019-жылдын жети айынын ичинде Комиссия жети иликтөө жүргүздү, анын ичинде үчөөсү 2018-жылдан бери келаткан иликтөөлөр. Алардын ичинен – эки иликтөө үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануунун белгилери боюнча, төртөөсү – нысапсыз атаандаштыктын белгилери боюнча, бир иликтөө – атаандаштыкка каршы макулдашуулардын жана экономикалык ишмердикти координациялоо белгилери боюнча», – деди ал.

ЕАЭБдин бизнесинин өкүлдөрүн кыйла толугураак маалымдоо үчүн иш-чарада ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин, Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин, ошондой эле Транспорт жана инфраструктура департаментинин эксперттери катышышты.

Коомдук кабылдаманын отурумунда «Толочинск консерва заводу» ААК, «Витьба» Кондитердик комбинаты» ААК, «СОЮЗ-КАБЕЛЬ» ЧЖЧК, «Марко» Белорус булгаары-бут кийим компаниясы» холдингинин башкаруучу компаниясы» ЖЧК, «ЭВИСТОР» заводу ААК, «Нафтан» ААК, «Полоцк сүт комбинаты» УИ, «Новополоцк технологиялык металлоконструкциялар заводу» БЖЧК, жана башкалар сыяктуу Беларустун эң алдыңкы өнөр жай ишканаларынын жана соода компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө ишкерлер менен консультациялар өткөрүлдү. Алардын катышуучулары ЕЭК эксперттерине жеке тартипте кайрылып, «суроо – жооп» ыкчам форматында адистердин сунуштамаларын ала алышты.