Sign In
ЕАЭБ жана Филиппиндер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

ЕАЭБ жана Филиппиндер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

22.08.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин жана Филиппиндердин ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницындын Филиппиндердин өнөр жай жана соода министринин орун басары Сеферино Родольфо менен жолугушуусунун жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 21-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында Россия-Филиппиндер өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-чи отурумунун алдында болуп өттү.

«Биз Филиппиндердин Бирликтин өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгуусун колдойбуз. Улуттук өкмөттөр Комиссиянын деңгээлине өткөрүп берген компетенциялардын алкагында бул позитивдүү жана өз ара пайдалуу процесске ар тараптан өбөлгө түзмөкчүбүз», ­– деди Федор Черницын. Ал Филиппиндер делегациясынын мүчөлөрүнүн көнүлүн ЕЭКтин ишмердигинин негизги тармактарына жана анын эл аралык байланыштарынын Бирлик түзүлгөндөн тарта Азия жана Европадан баштап Жакынкы Чыгыш жана Латын Америкасына чейин олуттуу түрдө кеңейтилген географиясына бурду. Ошондой эле, Комиссиянын өкүлү Бирликтин алкагында интеграцияны ЕАЭБ жөнүндө келишимдин, ошондой эле Бирликтин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларациянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу контекстинде 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн учурдагы баскычы жана пландары тууралуу маалымдады.

Федор Черницын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Филиппиндердин соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүшүнүн оң динамикасын белгиледи. «2018-жылда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Филиппиндер менен товар жүгүртүүсү 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе өскөн жана 1 367,5 млн долл. түзгөн. Бирликтин Филиппиндерге экспорту 4,1 эсе өскөн – 915 млн долл. чейин, импорту – 3,3%га – 452,6 млн долл. чейин», – деп ЕЭК өкүлү баса белгиледи.

Ошону менен бирге ал Филиппиндердин ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-кызматташтыгынын динамикасынын балансталбагандыгына көңүл бурду. Алсак, товар жүгүртүүнүн 89% Россия Федерациясына туура келет, Казакстан Республикасына – 8,7%, Беларусь Республикасына – 2%, Кыргыз Республикасына – 0,2%, Армения Республикасына – 0,1%. Ал эми ишкердик байланыштарды кеңейтүү үчүн олуттуу резервдер бар.

Сеферино Родольфо, өз кезегинде, Филиппиндер – экономикасы динамикалуу өнүгүп келе жаткан агрардык-өнөр жай өлкө экендигин, акыркы жылдарда ал жогорку өсүү темптерин – жылына 5-6%га чейин – көрсөтүп жаткандыгын белгиледи. Филиппиндердин делегациясынын башчысы электрондук, текстиль, химия, жыгач иштетүү, азык-түлүк, фармацевтика өнөр жайы, ошондой эле айыл чарба сыяктуу тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. 

Филиппиндер – кокос жаңгагы, банан, күрүч жана ананастын эң ири импорттоочусу. Айыл чарба продукциясы Филиппиндердин ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортунун көлөмдөрүн көбөйтүү үчүн олуттуу перспективаларга ээ. Ошол эле мезгилде аталган өлкө ЕАЭБ мамлекеттеринен товарларды импорттоонун диверсификацияланышына кызыкдар.

Федор Черницын өнөктөштөрдү Комиссия менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтары, анын ичинде ЕЭК жана Филиппин Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташуу тууралуу маалымдады, аталган меморандумдун түзүлүшү диалогду расмий да, ишкердик да коомдоштуктун линиясы боюнча формалдаштыруудагы биринчи кадам болуп калышы мүмкүн.

Жолугушууда Филиппин Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун, ишкердик коомдоштуктарынын, ЕЭКтин соода блогунун жана Россиянын Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө 2018-жылдын 14-ноябрында түзүлгөн ЕЭК жана АСЕАНдын ортосундагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду жана, аны макулдашуу боюнча иштер акыркы баскычында турган, эки уюмдун биргелешкен аракеттенүү планын ишке ашыруунун аспектилери да козголду.

ЕЭК өкүлү Филиппиндердин расмий жана ишкердик коомдоштуктарын ЕАЭБдин аймагында өткөрүлүүчү негизги конгресстик иш-чараларга, атап айтканда, Петербург эл аралык экономикалык форумуна жана Астана экономикалык форумуна, ошондой эле ЕАЭБдин башкы көргөзмө иш-чарасына – ушул жылдын 25–27-сентябрында Бишкекте өткөрүлүүчү «Евразия жумалыгына» катышууга чакырды.