Sign In
ЕАЭБдин алкагында улуттан жогорку жөнгө салууну өркүндөтүү ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган

ЕАЭБдин алкагында улуттан жогорку жөнгө салууну өркүндөтүү ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган

eec-92.jpg
22.09.20

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы алдындагы жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу топ Евразия экономикалык комиссиясынын ветеринардык чаралар, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, интеллектуалдык менчик жана бажылык тескөө-башкаруу чөйрөсүндөгү чечимдеринин долбоорлорун карап чыкты.

"Бирликтин укугунун учурдагы актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бизнес алып баруу шарттарын жеңилдетүүгө жана ишкерлердин чыгымдарын азайтууга багытталган", – деп Тимур Жаксылыков жумушчу топтун отурумунун жыйынтыктары боюнча белгиледи.

Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясынын контролго жаткан бир катар товараларды үчүнчү өлкөлөрдөн Беларусь Республикасынын аймагына  алып келүүдө ветеринардык чаралардын тизмегин кыскартуу боюнча чечиминин долбоору колдоого алынды.

ЕЭК Коллегиясынын сүт чийки затын камтыган даяр тамак-аш азыктарына карата ветеринардык чаралардын тизмегин белгилөө жөнүндө чечиминин долбоорунун жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирин баалоонун жыйынтыктары боюнча, коомдук талкуулоонун алкагында бизнес-коомдоштуктан келип түшкөн пикирлерди эске алуу менен, мындай чаралар ынак сүттөн жасалган продукция үчүн каралган чаралардан катуураак болушу мүмкүн эмес.

ЖТБнын натыйжаларын эске алуу менен, ЕЭК Кеңешинин чечиминин долбоорунда дары-дармек препаратын каттоо жөнүндө арыз экспертиза башталганга чейин артка чакырып алынган учурда ишкердик ишмердик субъектилерине алар тарабынан төлөнгөн алымдарды (жыйымдарды) кайтарып берүү жөнүндө түздөн-түз аракеттенүү ченеми каралган.

ЕЭК Кеңешинин ЕАЭБдин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлардын чыгарылган жеринин аталыштары жөнүндө келишимге карата Нускаманы жана юридикалык жактан маанилүү болгон тийиштүү аракеттердин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө чечиминин долбоорунун кабыл алынышы аталган интеллектуалдык менчик объектилерин "бир терезе" принциби боюнча каттоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, жумушчу топтун отурумунда Товарларга карата декларацияны толтуруу тартибине өзгөртүүлөр каралды. Алар Армения Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн товарларга карата декларацияда чет өлкөлүк уюмга инкорпорация өлкөсүндө берилген каттоо номери же салык төлөөчүнүн номери жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү жөнүндө талаптарды орнотууга тиешелүү. Аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү бирдиктүү жеке эсептерди пайдалануу менен бажы төлөмдөрүн төлөөнүн борборлоштурулган тутумун чет элдик жарандарга жайылтууга мүмкүндүк берет.​