Sign In
ЕАЭБ Азербайжандан жана Кытайдан алып келинген алюминий тасмаларга карата демпингге каршы чараны киргизимекчи

ЕАЭБ Азербайжандан жана Кытайдан алып келинген алюминий тасмаларга карата демпингге каршы чараны киргизимекчи

22.09.20

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Азербайжандан жана Кытайдан алып келинген алюминий тасмаларга карата демпингге каршы чараны беш жылдык мөөнөткө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Азербайжанда өндүрүлгөн алюминий тасмаларды жеткирүүлөргө карата демпингге каршы чара 16,18%, ал эми Кытайда өндүрүлгөн алюминий тасмаларга карата – 13,14% түзмөкчү.

"Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) учурдагы эркин өндүрүш кубаттуулуктар – ал эми бул жети ишкана – чараны киргизүүнүн аркасында атаандаштык шарттары теңделген учурда рыноктун керектөөлөрүн толугу менен камсыз кылат деп күтүлүүдө", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв.

Демпингге каршы чаранын аракети жайылтылган алюминий тасмалар, атап айтканда, курулуш өнөр жайында, электротехникада, ошондой эле муздаткыч орнотмолорду, жылуулук алмаштыргычтарды, радиаторлорду, жалюзилерди жана пол каптамдары үчүн бодуракай листтерди жасоодо колдонулат. Аталган чара алюминийден жасалган банкаларды өндүрүү үчүн продукцияга жайылтылбайт.

ЕЭК Коллегиясынын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.

Маалымат

Азербайжандан жана Кытайдан алып келинген алюминий тасмаларга карата демпингге каршы иликтөө 2019-жылдын 7-майында Алюминий өндүрүүчүлөр, жеткирүүчүлөр жана керектөөчүлөр бирикмеси тарабынан берилген арызды кароонун натыйжалары боюнча башталган. Иликтөө демпингдик импорттун болушун жана ал ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин экономика тармагына материалдык зыян келтирилгендигин аныктаган.