Sign In
Кооперация жана биргелешкен долбоордук ишмердик – Евразия экономикалык бирлигинин стратегиясынын негизги элементи

Кооперация жана биргелешкен долбоордук ишмердик – Евразия экономикалык бирлигинин стратегиясынын негизги элементи

23.10.18
22-24-октябрда Ереванда (Армения) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин аймагындагы эң ири «Евразия жумалыгы» эл аралык форуму «ЕАЭБ экономикасынын реалдуу сектору: интеграция шарттарында потенциалды жогорулатуу» пленардык отуруму менен ачылды.

Отурумду ачып жатып, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян «Евразия жумалыгына» бизнес-коомдоштук тарабынан чоң кызыкчылык болуп жатканын белгилеп өттү – форумда евразиялык өнөктөштөр менен узак мөөнөттүү кызматташтыкка, инвестицияларды тартууга жана өз ара аракеттенүүнү курууга даярдыгын билдирген 300дөн ашуун армян ишканалары катышууда.

«Армения сооданын жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен кызматташтыктын өсүшүнүн туруктуу темптерин көрсөтүүдө. 2018-жылдын январь-июль айларынын аралыгында Армениядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 351,9 млн долл. түзүү менен, 2017-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 31,3%га көбөйдү. Өсүү дээрлик бардык мүчө мамлекеттердин рынокторунун аркасында түзүлүүдө, – деп билдирди армян премьер-министри. – Бул Армениянын ЕАЭБдеги, экономикалык өнүгүүгө жана экспорттук ишмердикке таасирин тийгизген, мүчөлүгүнүн туруктуулугун билдирет».

Никол Пашинян Бирликте инновациялык бизнестин биргелешкен өнүгүүсүнө көңүл бурду. Арменияда эле тышкы рынокторго биргелешип чыгуу үчүн ЕАЭБ боюнча өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган, жогорку технологиялык циклдеги 400дөй ишкана иштейт.

Ошондой эле, пленардык отурумдун катышуучуларына Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян өзүнүн саламдашуу сөзү менен кайрылды. Ал кооперация маселелери жана экономиканын ар кайсы чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду талкуулоо форумдун генералдык багыты болорун белгилеп өттү. «Евразия экономикалык бирлигинин бардык мүчө мамлекеттери катыша турган ири долбоорлорду түзүү – Бирликти өнүктүрүүнүн стратегиясынын негизги элементтеринин бири. Биз евразиялык бренддер – таанылган, биргеликте чыгарылган продукция жана жаңы технологиялар менен дүйнөлүк рынокко чыккыбыз келет», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.

«Кызматташтыктын моделин тандоонун жогорку актуалдуулугун эске алуу менен, биз «Евразия жумалыгында» Бирликти өнүктүрүүнүн стратегиясы, кызматташтыктын бизде ишке ашырылып жаткан модели, ошондой эле эл аралык күн тартиби, институционалдык өзгөрүүлөр жана келечектин образы маселелерин бул жылы да карабай койбойбуз. Бирлик өнүгүүдө, жана айрым чөйрөлөрдө чындыгында эле жалпы жана бирдиктүү саясаттарды жүргүзүү зарылчылыгы пайда болду. Болбосо, биз жалпы рыноктордун иштөөсү маселелери боюнча сындоолорго дуушар боло беребиз. Жоюлган тоскоолдуктардын ордуна, толугу менен объективдүү себептер боюнча – улуттан жогорку укукту жөнгө салуудагы жана чечмелеп түшүнүүдөгү айырмалчылыктардан улам, жаңылары келет. Бул улуттан жогорулукту күчөтүү улуттук кызыкчылыктардын көбүрөөк корголушун, ошондой эле Бирликтин мүчө мамлекеттеринин, биринчи кезекте эскпортко чыгуу үчүн, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына өбөлгө түзгөн учур», – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Анын пикири боюнча, «Евразия жумалыгынын» жүрүшүндө кайсы долбоорлор биргеликте ишке ашырылышы мүмкүн экендиги жана алар үчүн Евразия мейкиндигинде кайсы бирдиктүү эрежелер талап кылынышы жөнүндө бийлик менен бизнестин ортосундагы диалог Бирликтин келечегинин образын түзүүгө жана Комиссиянын иш планына салым кошот.

Сессияга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери жана Бирликтин өлкөлөрүнүн эң ири компанияларынын жетекчилери катышышты. НТВдагы «Деловое утро» программасынын башкы редактору, журналист Татьяна Наумова пленардык отурумдун модератору болду.

Отурумда катышкан бийлик жана бизнес өкүлдөрү, бүгүнкү күндө Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы бекем экономикалык, эмгектик жана маданий байланыштар бизнес үчүн сапаттуу мейкиндикти жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берди деп ишенишүүдө. Бирок административдик тоскоолдуктарды жоюу, B2B- жана B2G-өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жеңилдетүү, транспорт инфраструктурасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптик чечимдерди киргизүү мурдагыдай эле интеграциянын глобалдуу милдеттери бойдон калууда.

Пленардык отурумдун алкагында катышуучулар ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жагымдуу бизнес-климатты түзүү жаатындагы жетишкендиктери жана аны андан ары жакшыртууга, өндүрүштүк байланыштарды бекемдөөгө багытталган чаралар сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары – каржы министри Антон Силуанов ишкердик климатты жакшыртуудагы Россиянын тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Эгер 2012-жылы Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтингинде Россия 120-орунда турган болсо, 2018-жылы 35-орунга чыкты.

«Биз башка өлкөлөрдөн кайсы позициялар боюнча артта калып жатканыбызды талдап чыктык, артта калып жаткан багыттар боюнча «жол карталарын» түздүк, улуттук өнөр жай демилгесин түздүк. Биздин бардык иш аракеттер бизнес тарабынан контролдонуп турду, жана ишкерлер милдет аткарылды деп айтканда гана, тапшырма аткарылды деп өзүбүзгө белги коюп жаттык», – деп Антон Силуанов баса белгиледи. Ошентип, көп маселелер, анын ичинде байланыштарга кошулуу, мүлктү каттоо, курууга уруксаттарды алуу жана башка маселелер чечилди. Учурда бийлик бул тажрыйбаны Россиянын башка региондоруна жайылтууда.

Ошондой эле, РФ өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары кесиптештерин бизнес-климатты биргелешип жакшыртууга чакырып өттү. «Биз ушундай өзүнө эң мыкты тажрыйбаларды сиңирген, жалпы, байланыштырып турган бирдиктүү ченемдик актыларды канчалык көп кабыл алсак, ишкердик үчүн ошончолук жакшы шарттарды түзгөн болобуз», – деп жыйынтыктады россиялык вице-премьер.

Армения Республикасынын Вице-премьери Мгер Григорян интеграциялык натыйжалардын маанилүүлүгүн белгилеп өттү, алсак, Иран менен түзүлгөн Келишим ЕАЭБге Армения аркылуу өтө чоң рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачууда, мындан натыйжа албай коюу мүмкүн эмес, айрыкча Арменияда учурда аракеттенип жаткан Евробирлиги менен бажы преференцияларынын GSP+ режимин, ошондой эле АКШ, Япония, Швейцария жана Норвегия менен GSP режимдерин эске алганда. «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугу аларды соода арбитражы формасында жана түздөн-түз эки тараптуу карым-катнаштар формасында колдонуу үчүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сөзсүз түрдө изилдеп чыгат. Мындан тышкары, иран жана армян тараптар чек арада эркин экономикалык ишмердик аймактарын түзүштү. Биз өнүгүү, тоскоолдуктарды жоюу, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү маселелерин кайсы багыттарда көтөрүп чыгуу зарыл экендигин байкап турабыз», – деди Мгер Григорян.

Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко ЕАЭБде бренддерди илгерилетүү жана протекциялык чаралардан оолак болуу керек экедигин баса белгиледи. «Жалпысынан алганда, биздин компаниялар ЕАЭБ рыногунда тыгыз кооперацияда өз ара аракеттенип жана биздин жалпы брендди тышкы рынокторго жайылтышы үчүн, Бирликтин алкагында ак ниет атаандаштык саясаты болуш керек», – деп эсептейт беларус вице-премьери.

Ал себилдегичтердин 30-50%ын РФ ишканалары – кооперация боюнча өнөктөштөр менен биргеликте чыгарган «Трактор заводу», МАЗ, БелАЗ сыяктуу Беларустагы ири өндүрүштүк компанияларды мисал катары келтирди.
 
Казакстан Республикасынын Премьер-министринин Биринчи орун басары Аскар Мамин ЕАЭБдеги экономикалык өнүгүүнүн темптерин белгилеп өттү. «Тогуз айдын жыйынтыктары боюнча Казакстанда экономиканын өсүшү 4,1% деңгээлде белгиленди. ЕАЭБдин ичинде сооданын өсүшү 15% түздү, үчүнчү өлкөлөр менен – 23%, – деди Аскар Мамин. – Позитивдүү трендге карабастан, бүгүнкү күндө биздин экономикалар үчүн негизги милдеттердин бири болуп алдыңкы институттар тарабынан болжолдонуп жаткан экономикалык өнүгүүнүн келечектеги басаңдашынын кесепеттерин жумшартуу саналат». ЕЭК алкагында 14 өнөр жай платформасы жана 100дөн ашуун долбоорлор түзүлгөнүн жана алар боюнча иш алып барылып жатканын кошумчалап өттү. Аларды ишке ашыруу терс натыйжаларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБдин курамында болгон үч жылдын ичинде Кыргызстандын өндүрүш көлөмү 111%га өскөнүн, ички чийки затты колдонууга, жеңил өнөр жайды, кайра иштетүү өнөр жайын, тоо-кен өнөр жайын жана башка маанилүү өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын айтты. ЕАЭБде жеңилдетилген эки жылдык мөөнөт Кыргызстанга мурда токтотулган өндүрүштөрдү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди. Өлкөнүн ЕАЭБге кириши товарлардын 166 аталышын алып келүүдө жеңилдетилген тарифтерди камсыз кылды, бул оң динамиканын болушуна, инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүгө өбөлгө түзүүдө. Россия-Кыргыз өнүгүү фонду
өтө натыйжалуу иштөөдө. Кыргызстандын аймагында жалпы суммасы 250 млн ашык долларды түзгөн, орто жана чакан бизнестин 750дөн ашуун долбоорлору ишке ашырылууда. «Жалпысынан эле ЕАЭБдеги мүчөлүк бизге айрым перспективаларды жана өндүрүштө, товарларды экспорттоодо туруктуулук берүүдө», – деп жыйынтыктады Жеңиш Разаков.
 

Маалымат

«Евразия жумалыгы» – ЕАЭБ жана ЕЭК өлкөлөрү тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү иш чара. Форумду өткөрүү демилгеси 2015-жылдын май айында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин беш прмемьер-министри тарабынан бекитилген. Иш чара ишкердик жана көргөзмө бөлүктөрүнөн туруп, B2B- жана B2G-байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
 
Форум алгачкы жолу 2016-жылдын октябрь айында «Ачык инновациялар» деп аталган Москва эл аралык форумунун аянтчасында орун алган. Экинчи форум 2017-жылы Астанада ЭКСПОнун аянтчасында өткөн. Иш чара жыл сайын ЕАЭБ мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн 2000ден ашуун катышуучуларды чогултат.