Sign In
Армениянын ишкерлери чек ара аралык рыноктордо укуктарды кантип коргоо керектиги тууралуу айтып беришти

Армениянын ишкерлери чек ара аралык рыноктордо укуктарды кантип коргоо керектиги тууралуу айтып беришти

22.11.19
Армениянын ишкерлери Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек ара аралык рынокторунда бизнес алып барууда туш келген татаалдыктар Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) монополияга каршы блогунун Коомдук кабылдамасынын Еревандагы (Армения Республикасы) көчмө отурумунун негизги темасы болду. Акыркы төрт айдын ичинде ЕЭК эксперттери ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрүнүн бизнесинин өкүлдөрү менен 22 жолугушуу өткөрдү.  

"Мындай жолугушуулар бизге чек ара аралык рыноктордогу көйгөйлөр жөнүндө, анын ичинде экспорттогу, соодадагы, кызматтарды көрсөтүүдөгү тоскоолдуктар жөнүндө бизнестен түздөн-түз билүү үчүн керек",– деди ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (министр) Серик Жумангарин. Бизнесмендер ЕЭК эксперттерине ЕАЭБ жөнүндө келишимдин ченемдерине тиешелүү бир катар суроолорго түшүндүрүп берүү үчүн кайрылышты, Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда товарларды өткөрүүдө КНСти төлөө менен байланыштуу көйгөйлөр, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларда катышуудагы кыйынчылыктар жөнүндө айтышты. Мындан сырткары, Армениянын ишкерлери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өткөрүү пункттарынан өтүүнүн узактыгына тиешелүү суроолорду беришти. Мисалга, "акылдуу капчыкты" иштеп чыккан компаниянын өкүлү Бирликтин айрым өлкөлөрүнүн аймагында "капчыктын" тиркемеси пайдалануучу IP-даректерге жетүү чектелип жаткандыгы тууралуу айтып берди.  

Комиссиянын тармактык департаменттеринин өкүлдөрү ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базасынын айрым аспектилерин түшүндүрүштү, ошондой эле Бирликтин рынокторунда атаандаштык эрежелеринин бузулушу жөнүндө арызды кантип туура толтурууну жана анда эмнелер камтылышы керектигин айтып беришти.  

Отурумда Армения Республикасынын вице-премьери Тигран Авинян, Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян, Армения Республикасынын экономикалык атаандаштыкты коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Гегам Геворгян катышышты. 

Ошондой эле, Комиссиянын эксперттери республиканын ишкерлери менен жеке консультациялардын сериясын өткөрүштү.