Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин РФтин Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин РФтин Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу

Фото-1-Мясникович-Лавров-22_09_2020.jpg
22.09.20

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү.

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ишинин актуалдуу маселелери, интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүүнүн перспективдүү багыттары, ошондой эле ЕАЭБдин эл аралык ишмердиги талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары үчүнчү өлкөлөрдүн жана бирикмелердин Бирлик менен кызматташтыкка кызыгуусун жана бул анын глобалдык экономикалык мамилелер тутумундагы күчөп келе жаткан ролун чагылдырышын белгилешти.​