Sign In
Мал чарбачылыгындагы жаңы селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо бирдиктүү эрежелер боюнча ишке ашырылмакчы

Мал чарбачылыгындагы жаңы селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо бирдиктүү эрежелер боюнча ишке ашырылмакчы

Фото-1.jpg
22.09.20

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде жаңы породаларды, түрлөрдү, линияларды жана кроссторду апробациялоону жүргүзүүнүн тартибин бекитти.

Аталган документ күчүнө киргенден кийин Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары жаныбарлардын селекционерлер тарабынан жаратылган жаңы породаларын, түрлөрүн, линияларын жана кроссторун аларды андан ары расмий тастыктоо үчүн минималдуу талаптарга шайкештигине изилдөөнүн бирдиктүү алгоритмин колдонушмакчы.

"Тартипти кабыл алуу Бирликтин аймагында асыл тукум мал чарбачылык чөйрөсүндө түзүлүп жаткан селекциялык жетишкендиктердин мүчө мамлекеттер тарабынан таанылышын жана асыл тукумдук күбөлүктөрдө, генетикалык паспорттордо породаларды, түрлөрдү, линияларды жана кроссторду көрсөтүү жагында киргизилип жаткан маалыматтардын, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда асыл тукум жаныбарлар жана селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымат алмашуудагы маалыматтардын объективдүүлүгүн камсыз кылат", – деп билдирди Комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян.

Тартипте асыл тукум мал чарбачылык чөйрөсүндөгү апробацияга жаткан селекциялык жетишкендиктер, алар апробациялоого жаткан шарттар, апробациялануучу асыл тукум жаныбарлардын башынын жана селекциялык жетишкендиктердеги заводдук линиялардын апробацияны жүргүзүү үчүн зарыл болгон минималдуу саны, апробациялануучу жаныбарлар аларга ылайык изилденген көрсөткүчтөр аныкталган.

Ченемдик укуктук акт ЕАЭБ жөнүндө келишимге жана 2019-жылдын октябрь айында өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган ЕАЭБдин алкагында айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан.

Эксперттердин пикири боюнча, Коллегиянын чечими Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө порода жаратуу процессинин жана селекциялык иштердин өнүгүүсүнө оң таасир берет.​