Sign In
Монголия менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселеси боюнча изилдөө тобунун алгачкы отуруму ушул жылдын аягына чейин өткөрүлмөкчү

Монголия менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселеси боюнча изилдөө тобунун алгачкы отуруму ушул жылдын аягына чейин өткөрүлмөкчү

22.09.20

22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёвдун учурда Москвада расмий сапары менен жүргөн Монголиянын тышкы иштер министри Нямцэрэнгийн Энхтайван менен жолугушуусу болуп өттү. Андрей Слепнёв коногун жаңы кызматка дайындалгандыгы менен куттуктады жана келечекте конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө үмүтүн билдирди.

Маектин жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода жаатындагы оң тенденцияларды белгилешти, ошондой эле кызматташтыкты андан ары бекемдөө боюнча кадамдарды аныкташты. Алсак, 2015 жана 2016-жылдарда орун алган бир аз начарлоодон кийин акыркы үч жылда оң тенденция байкалууда. 2017-жылдын жыйынтыктары боюнча товар жүгүртүү 2014-жылдын көрсөткүчтөрүнө жакындады (1,6 млрд АКШ долл.), ал эми кийинки жылдарда тийиштүүлүгүнө жараша 1,75 жана 1,87 млрд АКШ долларына чейин өскөн. Ошол эле мезгилде өз ара сооданын диверсификацияланышын жогорулатуу үчүн жасоо зарыл болгон чоң иш калууда.

Буга байланыштуу Андрей Слепнёв кесиптешин ушул жылдын 11-сентябрында ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин жана Монголиянын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн перспективдүүлүгүн изилдөө боюнча биргелешкен изилдөө тобун түзүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгы тууралуу маалымдады. Аталган топтун алгачкы отурумун ушул жылдын аягына чейин өткөрүү пландаштырылууда. "ЕАЭБ жана Монголия тарабынан көрсөтүлгөн кызыгууну эске алуу менен, бул иштин натыйжаларын кийинки жылда көрө алабыз деп ишенебиз", – деген ишеничин билдирди министр.

Ал изилдөөлөрдү жүргүзүүдө да, мүмкүн болгон болочок макулдашууну даярдоодо да ашыкча формалдуулукту болтурбоо зарыл деп баса белгиледи. "Бул жерде креативдүү мамиле талап кылынмакчы, анткени биз алымдарды төмөндөтүү жөнүндө гана кеп кылбастан, конкреттүү долбоорлорду эске тутуп, алардын ишке ашырылышына өбөлгө түзүшүбүз зарыл. Ал эми мындай долбоорлор бизде аз эмес – энергетика, транспорт, тоо-кен казып алуу жана инфраструктура чөйрөсүндө", – деп корутундулады Андрей Слепнёв.​