Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2015-2016-жылдарга негизги көрсөткүчтөрүнүн долбоорун жактырды.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ мамлекеттеринин макроэкономикалык саясатынын 2015-2016-жылдарга негизги көрсөткүчтөрүнүн долбоорун жактырды.

22.04.15

21-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бир катар маселелер каралды.

Коллегиянын отурумунда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын 2015-2016-жылдарга негизги көрсөткүчтөрүнүн долбоору жактырылды.

Документтин долбоорунда кризиске каршы биринчи кезекте колдонулуучу кыска-жана орто мөөнөткө каралган биргелешкен чаралар, ошондой эле Бирликке мүчө мамлекеттердин түптөлгөн экономикалык алгылыксыз жагдайды четтетүүгө багытталган улуттук чаралар каралган. Документти ЕЭК Кеңешинде кароо жана өтүп жаткан жылдын майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен бекитүү пландаштырылууда.

Комиссиянын Коллегиясы ЕЭК Кеңешинин “Евразия өкмөт аралык кеңешинин “Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин 2010-2014-жылдарда өз ара соода жүргүзүү динамикасынын өзгөрүү себептери жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өз ара товар жүгүртүү көлөмүн арттыруу боюнча сунуштар жөнүндө буйруусунун долбоору тууралуу” чечиминин долбоору жактырды.

Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин иштеп чыгууда колдонулуучу, чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктеринин тизмесин бекитти, мында алардын Эл аралык бирдик тутуму (БТ) менен катышы да эске алынган.

Документте Бирликтин чоңдуктардын системадан тышкаркы бирдиктеринин техрегламенттерин иштеп чыгуу учурунда колдонууга жол берилген аталыштарын, белгилөөлөрдү, жазуу эрежелерин жана колдонуу чөйрөсүн, Эл аралык бирдик тутумунун бирдиктери менен алардын катышын, ошондой эле бул чоңдук бирдиктеринин аталыштарын, белгилөөлөрүн жана кыскача жана үлүштүк маанилеринин туура жазылышын белгилейт. Тизмени кабыл алуу Бирликке мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү өлчөөнү камсыз кылуу жагында ЕАЭБ жөнүндө Келишимге ылайык макулдашылган саясаттын жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт.