Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода Министри Денис Мантуров жана Египеттин Соода жана өнөр жай Министри Мунир Фахри Абдель Нур менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода Министри Денис Мантуров жана Египеттин Соода жана өнөр жай Министри Мунир Фахри Абдель Нур менен жолугушту

19.06.15

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Виктор Христенко 19-июнда Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода Министри Денис Мантуров жана Египеттин Соода жана өнөр жай Министри Мунир  Фахри Абдель Нур менен  Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында (ПЭЭФ) жолугушту.

Тараптар Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Египет Араб Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечектерин, анын ичинде ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер жана Египет ортосунда Эркин соодалашуу келишимин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө боюнча биргелешкен изилдөө тобунун (БИТ) ишинин жүрүшүн талкуулашты. Виктор Христенко жолугушуунун катышуучуларына эки тараптуу жана аймактык кызматташууну өнүктүрүүдө Бирликтин жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ошону менен катар, ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер жана Вьетнамдын ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүү тууралуу келишимге кол коюлгандыгы тууралуу сөз кылды.

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эксперттеринен, ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн жана Египеттин министрликтеринин жана ведомстволорунун эксперттеринен  турган БИТ, ЕЭК кеңешинин чечими менен 2014-жылдын август айында түзүлгөн. Анын милдети болуп, өнөктөштөр ортосунда эркин соодалашуу аймагын түзүүнүн келечектерине терең системалуу иликтөө жүргүзүү саналат.