Sign In
ЕЭК Коллегиясы Украинадан алып келинген бүтүн чоюлган болот дөңгөлөктөргө карата демпингге каршы алымдын аракетин убактылуу токтотту

ЕЭК Коллегиясы Украинадан алып келинген бүтүн чоюлган болот дөңгөлөктөргө карата демпингге каршы алымдын аракетин убактылуу токтотту

23.07.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 23-июлда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эл аралык ишмердиги, каржылык саясат, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, дары-дармек каражаттарын жүгүртүү, бажылык жөнгө салуу, соода, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички рыногунун иштеши жаатындагы маселелерди карап чыкты.

а Украинадан алып келинген бүтүн чоюлган болот дөңгөлөктөргө карата демпингге каршы алымдын аракети убактылуу токтотулду (алымдын өлчөмү бажы наркынан 34,22% түзөт). Мындай чара ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаменти ушул жылдын 13-июнунда баштаган, кайталанган иликтөө жүргүзүүнүн алкагында киргизилүүдө. Аталган чечим ал жарыялангандан тарта 30 күндөн кийин күчүнө кирет жана, кошо алганда, 2020-жылдын 1-июнуна чейин аракеттенет.

Комиссиянын негизги милдеттеринин бири – Бирликтин ички рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоонун натыйжалуу тутумун түзүү. ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын аткарылышына мамлекеттик контроль жүргүзүү органдарынын жана бажы органдарынын жетекчилеринин конструктивдүү диалогу буга өбөлгө түзүшү зарыл. ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасында алардын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритми аныкталган.

Ата
п айтканда, улуттук мамлекеттик контроль жүргүзүү органдары өз өлкөсүндө мындай продукцияны тапкан учурда, бажы органдарын маалымдап, аларга бир катар маалыматтарды берүүгө тийиш. Анын ичинде коопсуз эмес товардын аталышын, ал айгинеленген күндү, мындай товарды сатып жаткан ишкананын аталышын же ишкердин фамилиясын, товарды коштоочу документтер жөнүндө маалыматтарды, даярдалган өлкөнүн, даярдоочу ишкананын аталышын ж.б. Эгер бажы органдарында кайсы бир продукция үчүнчү өлкөлөрдөн Бирликтин техникалык регламенттерин бузуу менен алып келинүүдө деп болжоого негиз бар болсо, алар мамлекеттик контроль жүргүзүү органдарына ушундай эле маалыматтарды берет.

Мамлекеттик контроль жүргүзүү жана бажы органдары маалыматтарды алгандан кийин улуттук мыйзамдарга жана ЕАЭБдин укугуна ылайык чараларды колдонушат. Мисалы, мамлекеттик контроль жүргүзүү органдары беш жумуш күнүнүн ичинде мындай продукцияга карата алдын ала териштирүү жүргүзөт жана маалыматты жиберген бажы органын анын жыйынтыктары тууралуу маалымдайт.

ЕЭК Коллегиясынын сунуштамалары органдардын ортосунда маалымат алмашууга, үчүнчү өлкөлөрдөн келген тийиштүү эмес жана коопсуз эмес продукцияны чек арада айгинелөөгө, анын жүгүртүүгө чыгарылышынын алдын алууга, ошондой эле Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келбеген товарларды табууну тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Келечекте, Мамлекеттик контролду шайкеш келтирүү боюнча мамлекеттер аралык макулдашуу түзүлгөндөн кийин, сунуштамаларды колдонууну эске алуу менен, мындай өз ара аракеттенүүнү милдеттүү негизде киргизүү пландаштырылууда.

Индонезия Республикасынын өкмөтү менен Кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору жактырылды.
Документ өз ара сооданын жана инвестициялардын көлөмүн чоңойтуу, сооданын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жаткан кедергилерди жоюу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Индонезиянын ортосунда ар тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылыкка ээ болгон багыттар боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган.

Аталган өз ара аракеттенүү тажрыйба жана маалымат алмашуу, анын ичинде соодадагы тоскоолдуктарды айгинелөө жана аларды жеңүү маселелери боюнча, сунуштамаларды иштеп чыгуу, бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен иш чараларды өткөрүү жолу менен ишке ашырылат деп болжолдонууда.

Азия мамлекеттери менен, биринчи кезекте Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү – ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин приоритеттеринин бири. Индонезия менен кызматташтыкты активдештирүүгө 2017-жылдын 4-августунда республиканын делегациясынын ЕЭКтин штаб-квартирасына жасаган сапары түрткү болду.

Индонезия Республикасы – ИДӨсү боюнча 16-экономика жана калкынын саны боюнча дүйнөдөгү төртүнчү мамлекет.

ЕЭК Коллегиясы жүргүнчүлүк бажы декларациясынын жаңы формасын жаны аны толтуруунун жана мындай декларацияда жарыяланган маалыматтарды өзгөртүүгө (толуктоого) байланыштуу бажы операцияларын жасоо тартибин бекитти.
Укук колдонуу иш-тажрыйбасын жана ЕАЭБдин Бажы кодексинин ченемдерин эске алуу менен, жаӊы форма колдонуу үчүн ыңгайлуу кылынган, саптардын астындагы жардамчы сөздөрү бар.

Декларацияны товарлар чыгарылганга чейин да, чыгарылгандан кийин да оңдоо мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле, санариптик технологияларга өтүү шарттарында жүргүнчүлүк бажы декларациясын эми кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө берүүгө болот.

Жеке пайдалануу үчүн убактылуу алып келинген автомобилди Бирликтен алып чыгуу максатында бажылык декларациялоодо, мындай транспорт каражатын ЕАЭБге убактылуу алып келүүдө бажы органы тарабынан жол-жоболоштурулган кагаз жүзүндөгү жүргүнчүлүк бажы декларациясы колдонулушу мүмкүн. Бирликтин бажы аймагынан алып чыгуу үчүн жеке пайдалануу үчүн убактылуу алып келинген унааны чыгаргандан кийин декларация жаранга кайтарылат. Жеке пайдалануу үчүн алынып чыгып жаткан башка товарларды декларациялоодо жүргүнчүлүк бажы декларациясынын өзүнчө бланкы толтурулат.

Чечимде кагаз жүзүндөгү декларациянын (2020-жылдын 1-февралынан тарта) жана электрондук формадагы декларациянын (2021-жылдын 1-февралынан тарта) күчүнө кирүү мөөнөттөрү каралган.

ЕАЭБде дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жаатындагы тийиштүү фармацевтикалык иш-тажрыйбалардын талаптарга шайкештигине фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.

Аталган жумушчу топ
Комиссиянын консультативдик органы болуп калат. Ал, тийиштүү фармацевтикалык иш-тажрыйбалардын талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн, улуттук укуктук актыларды шайкеш келтирүүгө, Бирликтин ушул тармакта контролдоо (көзөмөлдөө) функцияларын аткарган ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, анын максаттарынын катарында – Фармацевтикалык инспекциялардын кызматташтыгынын схемасын (PIC/S) эске алуу менен мүчө мамлекеттердин фармацевтикалык инспектораттарынын дары-дармектердин өндүрүлүшүнө фармацевтикалык инспекция жүргүзүүгө мамилелеринин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана фармацевтикалык инспекциялардын натыйжаларынын ЕАЭБ өлкөлөрү жана башка мамлекеттер тарабынан өз ара таанылышына көмөк көрсөтүү.

Топко Бирликтин өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын өкүлдөрү кирди.

ЕЭК Коллегиясы бир катар товарларды ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык классификациялады.
Транспорт каражаттарын кол менен жуу үчүн арналган комплекстүү өзүн өзү тейлөө унаа жуугучу 8424 30 010 0 субпозициячасында классификацияланды. Кардиологиялык окклюдер – жүрөктү дарылоо үчүн арналган медициналык түзмөк – 9021 90 900 9 субпозициячасында.