Sign In
Евразиялык интеграциянын ар кандай багыттары боюнча макулдашылган саясат туурасында Кыргызстанда өткөн ЕЭК Кеңешинде сөз болду

Евразиялык интеграциянын ар кандай багыттары боюнча макулдашылган саясат туурасында Кыргызстанда өткөн ЕЭК Кеңешинде сөз болду

23.08.17

22-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 20 суроону талкуулашты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, “күн тартибине Кеңештин отурумунун алкагында жигердүү дискуссияны жараткан көп концептуалдуу темалар кирди”.  Тигран Саркисян тышкы экономикалык кызматташтыкка байланыштуу бир катар темаларды бөлүп карады: “Биз Кеңештин мүчөлөрү менен тышкы трек боюнча биздин позицияларды талкууладык. Атап айтканда, Сингапур боюнча сүйлөшүү процесси кандай жүрүп жаткандыгы туурасында. Ошондой эле биз Кореядагы өнөктөштөрүбүз менен ишти, кызматташтык жөнүндө меморандумда каралган форматта улантуу туурасында чечим кабыл алдык. Биз үчүн дагы бир маанилүү багыт Израиль менен эркин соодалашуу аймагы жөнүндө келишим түзүү болуп саналат. Биз бул багытта иштерди тездетүү жөнүндө макулдаштык. Комиссиянын ишмердүүлүгүндөгү эл аралык вектордун маанилүүлүгүн ЕЭК Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын вице-пермьер-министри Олег Панкратов да белгилеп өттү.

ЕЭК Кеңешинин отурумунда талкууланган жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө байланыштуу темалардын арасында, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, маркировкалоо жана көзөмөлдөө маселелери өзгөчө мааниге ээ. “Макулдашылган саясат товарлардын максималдуу кеңири спектри боюнча болушу биз үчүн маанилүү. Маркировкалоону кайсыл жерде жана кайсыл технологиялык платформада өткөрөрүбүз, Биримдик өлкөлөрүнүн системаларынын айкалышуусун, алардын интероперабелдүүлүгүн камсыздарыбыз туурасында терең түшүнүү болушу зарыл. Дайындарды берүү үчүн чектөөлөр келип чыкпашы, маркировкалоо системасын киргизүү ак ниет бизнес үчүн жаңы тоскоолдук болбошу зарыл”, - деп эсептейт Тигран Саркисян.

ЕЭК Кеңеши Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрүнө 2017-жылдын 30-сентябрына чейин ЕАЭБте товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо жөнүндө макулдашуунун долбоорунун мамлекет ичиндеги макулдашуусун (МИМ) өткөрүүнү тапшырды. Макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча, ЕЭК Макулдашуунун долбоорун жеткире иштеп чыгарат жана документти Комиссиянын Кеңешинин кароосуна кайрадан чыгарат.  Андан ары ал улуттук өкмөттөр тарабынан жактыруу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында ак ниет өндүрүүчүлөрдү колдоону камсыздайт.

ЕАЭБ алкагында товарларды унификацияланган идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону Биримдик өлкөлөрүндө киргизүү каралат. Биримдикте товарларды маркировкалоонун бирдиктүү системасын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктар Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

ЕЭК Кеңешинде туш кагаздарды өндүрүүдө чийки зат катары колдонулган поливинилхлоридке жана акрил полимерлерине (ЕАЭБ Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) 3904 22 000 0 и 3906 90 900 8 позициялары) бажы алымын 6,5% дан 0% чейин, бир жылдык мөөнөткө убактылуу төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Нөлдүк алымды колдонууга укук алуу үчүн товардын арналышын тастыктоо зарыл болот, анткени туш кагаздарын өндүрүүдө колдонулган поливинилхлорид жана акрил полимерлери физикалык жана химиялык касиеттери боюнча башка максаттар үчүн арналган ага окшош товарлардан айырмаланбайт.

2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө поливинилхлориддин импортунун көлөмү 31,2 миң тоннаны түзүп (бул 2015-жылдын ушундай эле көрсөткүчтөрүнөн 10% азыраак), анын жалпы баасы 49,8 млн АКШ доллары болгон.  ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү негизги импортчу - Россия Федерациясы (жалпы жеткирүүлөрдүн 75% жакын).

ЕАЭБге акрил полимерлерин жеткирүү 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу сандык көрсөткүчтөрдө 6%га өскөн (169,5 миң тоннадан 179,9 миң тоннага чейин), ал эми баа көрсөткүчтөрүндө - 5%га азайган (327,7 млн АКШ долларынан 312,3 млн АКШ долларына чейин). 

Кириш ченин нөлгө түшүрүү ЕАЭБ өлкөлөрүндө туз кагаздарды өндүрүүчүлөргө өзүнүн продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинде тилкелик тыгыздыгы 900 дтекс-тен кем эмес анидден жасалган жиптерге өзүнчө позиция бөлүп берүү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 5402 19 000 0) жана ЕАЭБ ББТ кириш бажы алымынын ченин бажы баасынан 0% өлчөмдө аныктоо чечими кабыл алынды.  Бул чара 2019-жылдын 31-июлуна чейин колдонулат. Бүгүнкү күндө чен 5%ды түзөт.

Анид жиптери автомобилдик жана авиациялык шиналарды, конвейердик ленталарды жана резинотехникалык буюмдарды армирлөө үчүн колдонулуучу жогорку бекем анид корд кездемелерин өндүрүү үчүн колдонулат. Алымдарды нөлгө түшүрүү корддук жана техникалык кездемелердин өндүрүүчүлөрүнө, ошондой эле химиялык жана шиналык өнөр жайдын ишканаларына аяккы продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу, Биримдикке алыскы чет өлкөлөрдөн ЕАЭБ ТЭИ ТН 5402 19 000 0 позициясындагы товарлардын импортунун көлөмү сандык көрсөткүчтөрдө 1,8 эсе (2,8 миң тоннадан 4,9 миң тоннага чейин), нарктык көрсөткүчтөрдө - 1,7 эсе (9,9 млн АКШ долларынан 16,9 млн АКШ долларына чейин) көбөйгөн. 

Импорттун көлөмүнүн 85% га жакыны Беларусь Республикасына туура келет. Негизги жеткирүүчү өлкөлөрдүн катарында - Кытай (экспорттун 65%), Славакия (20%) жана Германия (8%) бар.

ЕЭК Кеңешинде “Антиконтрафакт” эл аралык форуму жөнүндө жобо бекитилди. Документте форумду өткөрүүнүн максаттары жана милдеттери, уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, ошондой эле аны каржылоонун маселелери жазылган. Форумдун негизги максаттарынын катарында - мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялык рыногун түзүү боюнча координациялык ык-амалдарын жана сунуштарын иштеп чыгуу. Бийликтин жана бизнестин өкүлдөрүнүн, укук ээлеринин жана өндүрүүчүлөрдүн, коомчулуктун күч аракеттерин бириктирүү контрафакттык продукциянын өндүрүшүнө жана таркалышына каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген. Бажы, бажылык жөнгө салуу жана сертификаттоо, кадрдык потенциалды түзүү, мүчө мамлекеттердин өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз айланымы чөйрөсүндө мыйзамдарын айкалыштыруу, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктарды коргоо, керектөө рыногунун маселелерине өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Форум 14-16-сентябрда Бишкекте (Кыргызстан) өтөт: Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечимине ылайык ал ЕАЭБтин төрагалыгында турган өлкөнүн аймагында өткөрүлөт.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле 2018-2020-жылдары “Евразия жумалыгы” көргөзмө форуму өткөрүлүүчү жерлерди да макулдашышты. 2018-жылы ар Арменияда, 2019-жылы - Кыргызстанда, 2020-жылы Беларуста өткөрүлмөкчү.

“Евразия жумалыгы” - ЕАЭБ өлкөлөрү жана Евразия экономикалык комиссиясы жыл сайын өткөрүүчү көргөзмө форум. Анын алкагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн олуттуу суроолору талкууланат, глобалдык чакырыктар жана ЕАЭБтин стратегиялык артыкчылыктары бааланат, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн өзөктүү багыттары боюнча интеграциялык процесстердин катышуучуларынын позициялары түзүлөт.

2017-жылы форум Казакстанда 24-26-августта “Экспо-2017” алкагында өтөт.