Sign In
Бишкекте ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү Евразия биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасы боюнча семинар өткөрүштү

Бишкекте ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин өкүлдөрү Евразия биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасы боюнча семинар өткөрүштү

23.09.16

20-сентябрда Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору” институтунун базасында Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Валерий Корешков тарабынан бекитилген, “Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасы” семинарларынын типтүү программаларын жүзөгө ашыруунун алкагында кезектеги семинар болуп өттү.

Семинарда “Евразия экономикалык биримдигинде продукциянын шайкештигин баалоо системасы” жана “Евразия экономикалык биримдигинде техникалык жөнгө салуу системасынын мыйзам базасы” докладдары сунушталды.

Евразия экономикалык биримдигинин тамак-аш продукциясынын коопсуздугу чөйрөсүндө техникалык регламенттерин, атап айтканда:  “Тамак аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”, “Тамак аш продукциясы аны маркировкалоо жагында” техникалык регламенттерин колдонуунун өзгөчөлүктөрү жана Бажы биримдигинин тамак-аш продукциясынын айрым түрлөрүнө карата техникалык регламенттерин колдонуу жагында конкреттүү маселелер айтылды, мисалы: “Жемиштерден жана жашылчалардан жасалган шире продукциясына карата техникалык регламент”, “Атайы тамак аш продукциясынын айрым түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык профилактикалык тамактануу продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”, “Тамак-аш кошумчаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык кошумча каражаттардын коопсуздугуна талаптар”, ошондой эле Бажы биримдигинин “Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө”, “Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө”, “Газ түрүндөгү отун менен иштеген аппараттардын коопсуздугу жөнүндө”, “Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламенттерин, “Тамеки продукциясына карата техникалык регламентин” колдонуу.

Мындан тышкары, иш чаранын алкагында дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногунун ишинин башталышына даярдыкка байланыштуу маселелер каралды.

Семинарга Кыргыз Республикасынын дары каражаттарынын айланымы жана медициналык буюмдар чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын, бизнес-коомчулугунун жана шайкештикти баалоо боюнча органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын катышуучулары Биримдиктин техрегламенттерин жүзөгө ашыруунун жана практикалык колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн каралган маселелердин актуалдуулугун белгилешти.