Sign In
Могилевдо лифт жабдууларын өндүрүү тармагындагы өнөр жай кооперациясы маселелери талкууланды

Могилевдо лифт жабдууларын өндүрүү тармагындагы өнөр жай кооперациясы маселелери талкууланды

23.08.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин Могилев областтык аткаруучу комитетинин төрагасы Леонид Заяц жана «Могилевлифтмаш» ААКнын башкы директору Борис Ковалевский менен Могилев областынын Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен өнөр жай кызматташтыгы жаатындагы потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Жолугушуу 23-августта Беларусь Республикасынын Могилев шаарында болуп өттү. 

«Бизде Россия жана Беларустун ишканаларынын лиф​т куруу тармагындагы туруктуу кооперациялык кызматташуу тажрыйбасы бар, – деди Александр Субботин, – жана биз интеграциянын бул багытта тереңдетилишин ар тараптуу колдоого даярбыз, анын ичинде евразиялык компанияларды түзүү механизмин пайдалануу аркылуу».

Региондо айыл чарба, химия жана мунай химия, машина куруу, азык-түлүк өнөр жайы жана жеңил өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү, электроэнергетика жана жыгач иштетүү ийгиликтүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө область дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөлөрү менен активдүү кызматташып келет. Могилев областынын эң ири ишканаларынын бири «Могилевлифтмаш» ААК болуп саналат. Александр Субботиндин ишкананын башкы директору Борис Ковалевский менен жолугушуусу, үстүбүздөгү жылдын июль айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин деңгээлинде жетишилген, Евразиялык компанияларды түзүү жөнүндө келишкендиктердин контекстинде болуп өттү. Лифт жабдууларын өндүрүү улуттар аралык кызматташтыктын перспективдүү багыттарынын бири катары таанылды. Жана дал «Могилевлифтмаш» заводу белорус жана орус лифт өндүрүүчүлөрүнүн биринин катышуусу менен биргелешкен ишкананы түзүү боюнча алгачкы долбоордун катышуучусу болуп калмакчы.

 Министрдин айтуусу боюнча, Евразия экономикалык комиссиясы көтөргүч-транспорт жабдуулары секторунда стратегиялык документти иштеп чыгат, ошондой эле ишканаларга алардын продукциясын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгарууда ар тараптуу жардам көрсөтмөкчү.


«Биздин продукциянын экспортун колдоо маселесин биз октябрда Каирде, ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда комплекстүү түрдө талкуулайбыз», – деп Александр Субботин кошумчалады.