Sign In
ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Европа менен тарыхый байланыштарды күчөтүү үчүн Верона форумун пайдаланууга чакырды

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Европа менен тарыхый байланыштарды күчөтүү үчүн Верона форумун пайдаланууга чакырды

23.09.20
Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнев 22-23-октябрга белгиленген, Веронада өтө турган XIII Евразиялык форумга арналган онлайн конференцияга катышты. Ошондой эле иш-чарада Италиянын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Паскуале Терраччано, «Евразияны тааныйбыз» Ассоциациясынын президенти, Интеза Банкынын башкармалыгынын төрагасы Антонио Фаллико жана "Росконгресс" фондунун башкармалыгынын төрагасы, директору Александр Стуглевдин сөз сүйлөштү.

"Биз азыр Чоң Евразия COVID-19 пандемиясына байланыштуу окуялардан кийин мурдагыдан да күчтүү бириге турган, же тескерисинче, бөлүнүп-жарылышы мүмкүн болгон тарыхый этапта турабыз", - деди Андрей Слепнев. Ал бир жагынан, суроо-талаптын азайышынан улам рыноктордо атаандаштык күчөп жаткан карама-каршылыктуу тенденциялар байкалып жаткандыгын белгиледи. Бул анын ичинде Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) үчүн салттуу товарларга – металлургия, минералдык ресурстарга тиешелүү. Экинчи жагынан, байланыштардын саны кыскарууда: ишкерлер жолугушууларды өткөрбөй же онлайн жолугушууларды гана өткөрүп, туристтердин агымы азайды, логистикалык чыгымдар көбөйүүдө.

«Албетте, булардын бардыгы экономиканын изоляциялануусунун өсүшүнө өбөлгө түзгөн кооптуу тенденциялар жана аларды жеңүү керек. Бул жагынан алганда, ишкердиктин тобокелдиктерин жана чыгымдарын азайтууга багытталган контрциклдик саясат керек. Менин оюмча, Веронада өткөрүлө турган форум жөнгө салуу, инфраструктура, электрондук соода инструменттери жана санариптештирүү чөйрөлөрүндө маселелерди талкуулоого жакшы шарт түзөт», - деп эсептейт ЕЭКтин соода боюнча министри. Анын айтымында, бул кадамдар байланышты чыңдоо жана келечектин толук кандуу инфраструктурасын куруу үчүн керек.

Европа бирлиги (ЕБ) менен экономикалык мамилелер жөнүндө айтып жатып, Андрей Слепнев ЕБ менен болгон соода  олуттуу кыскаргандыгын белгиледи: ЕАЭБдин экспорту үчтөн бир бөлүккө, ал эми импорттук жеткирүүлөр болжол менен төрттөн бирине кыскарды. Анын айтымында, бул тарыхый байланыштарды жана мамилелерди жаңыртуу, чыңдоо жана терс процесстерге туруктуу кылуу үчүн кандай чараларды көрүү керек экендигин түшүнүүнү жана жоопторду талап кылынат. "Биз өзүбүз тараптан жигердүү иштеп жатабыз. Биз европалыктар менен техникалык диалог жүргүзүп жатабыз, жана азыркы оор мезгилде байланышты сактап калуу жана бизнестин ишине таасирин тийгизген конкреттүү нерселер жөнүндө сүйлөшүү үчүн ЕАЭБ аянтчасын саясий эмес, экономикалык уюм катары колдонуу биз үчүн абдан маанилүү”, - деп белгиледи министр.

Андрей Слепнев Бирлик Кытай менен абдан жигердүү иш алып барып жаткандыгын белгиледи. Бул өлкө менен соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. ЕАЭБ КЭР менен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыгын Евразия экономикалык бирлигин жана "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин байланыштыруу үчүн түзүлгөн диалог механизмдерин иш жүзүндө колдонуудан көрөт. Кеп, атап айтканда, транспорттук, телекоммуникациялык жана электрэнергетикалык инфраструктура, санариптик трансформация чөйрөлөрүндө ири чек ара аралык долбоорлоду ишке ашыруу, ошондой эле кызматташтыктын тармактык күн тартибин ишке ашыруу туурасында болушу мүмкүн. 

ЕАЭБ атап айтканда, Вьетнам, Иран, Сингапур, Индия, Израиль жана Египет сыяктуу өлкөлөр менен преференциялык келишимдерди түзүп же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Монголия жана Индонезия менен эркин соодалашуунун келечегин биргелешип изилдөө боюнча иштер башталган.​