Sign In
ЕАЭБде кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын жалпы рыногу иштеп баштайт

ЕАЭБде кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын жалпы рыногу иштеп баштайт

23.10.19

25-октябрда Москвада Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууга кол коюшмакчы.

"Макулдашууга кол коюу Бирликтин алкагында кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын жалпы рыногун түзүүдөгү маанилүү учур болуп калмакчы. Өлкөлөр менен биргеликте биз жалпы рыноктун негизин түптөөдөбүз, жана ал өз ара сооданын потенциалын андан ары өнүктүрүү жана биздин зер продукциянын үчүнчү өлкөлөрдүн рыногуна биргелешип чыгышы үчүн ишенимдүү негиз болуп калат деп үмүттөнөм", – деди ЕЭК Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коомуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян.

Макулдашуу кымбат баалуу металлдарды жана кымбат баалуу таштарды жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелерин гана эмес, зер тармагындагы укуктук жөнгө салууну шайкеш келтирүү маселелерин да камтыйт.

Мындан сырткары, макулдашуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө зер буюмдарынын сынамык энтамгаларын өз ара таанууга мүмкүндүк берет, бул Бирликте зер буюмдарынын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат жана бизнес үчүн трансакциялык чыгымдарды азайтат.

Ошентип, ЕАЭБин ички рыногундагы алып коюуларды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча 2018–2019-жылдарга карата "жол картасында" камтылган дагы бир тоскоолдук жоюлмакчы.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Бирликтин өлкөлөрүндө зер буюмдарын жүгүртүү жаатындагы талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чаралары бири-биринен айырмаланат. Мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) тутуму да ар түрдүү. Мунун баары Бирликте ишеним мейкидигин түзүү жана сынамык энтамгалардын өз ара таанылышы үчүн татаалдыктарды жаратууда.

"Макулдашууга кол коюу жана анын андан ары колдонуу бизге Бирликтин өлкөлөрү менен биргеликте Бирликтин алкагында, жөнгө салуу ушунчалык кыйын болгон, кымбат баалуу металлдардын жана кымбат баалуу таштардын рыногунда ишенимди калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул макулдашуунун ишке ашырылышына биз өзгөчө маани беребиз, анткени жалпы рыноктун потенциалынын ачылышы көбүнчө ушундан көз каранды", – деп Россиянын Каржы министрлигинде белгилешти. Ошентип, аталган макулдашуунун күчүнө кириши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн экономикалык жашоосунун катышуучуларына жаңы рынокторго чыгууга жана өз ара пайда алууга мүмкүндүк бермекчи

Бул макулдашуунун күчүнө кириши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн зер рыногунун катышуучуларына өз ара сооданын потенциалын ишке ашырууга, жаңы рынокторго чыгууга жана кооперациянын аркасында өз ара пайда алууга мүмкүндүк берет.​