Sign In
ЕАЭБде евразиялык бренддер түзүлөт

ЕАЭБде евразиялык бренддер түзүлөт

23.11.18
"Биз көңүлүбүздү евразиялык бренддерди түзө турган жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда биздин товарларды өткөрүүгө жардам бере турган глобалдык интеграциялык долбоорлорго бурушубуз керек". Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Тигран Саркисян Москвада өткөн "Евразия экономикалык интеграциясы" XIII эл аралык конференциясынын пленардык отурумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Евразиялык өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган ар жылдык иш-чаранын катышуучулары евразиялык интеграция үчүн чакырыктарды жана перспективаларды талкуулашты.

Тигран Саркисян белгилегендей, Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) түзүлгөндөн бери, жаш уюм болгондугуна карабастан, өзүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун далилдеди. Эмдиги жылы ЕАЭБ өлкөлөрү Биримдик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгын белгилешет.

ЕЭКтин баамында өз ара соода өсүп, анын түзүмү жакшырган жана кооперациялык байланыштар бекемдеген. "Бул бирлик келишиминде каралган негизги принциптерди жүзөгө ашыруу, Бирликтин экономикасынын өсүшү үчүн оң натыйжаларды алып келгендиги жөнүндө кабар берет. Комиссия бул натыйжанын потенциалын бир жылда улуттук дүң өнүмүнүн 1%га жакын өсүшү менен баалайт", - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Бирлик менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө үчүнчү өлкөлөр тарабынан кызыгуунун өсүшү ЕАЭБтин олуттуу ийгилиги болуп саналат. "Бул ал ЕАЭБ интеграциялык бирикме катары максатына жеткендиги туурасында күбөлөндүрөт", - деп эсептейт Тигран Саркисян.

Жакында ЕЭК Сингапурда бир катар - АСЕАН менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө жана Таиланд Королдугунун өкмөтү менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарды түздү. Комиссия МЕРКОСУР менен ушундай эле документке кол коюуга ниеттенет. 2018-жылдын майында Кытай жана Иран менен соода-экономикалык макулдашуу түзүлгөн. Египет, Индия, Израиль, Сингапур, Сербия менен эркин соодалашуу аймактарын түзүү максатында, ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген, эл аралык багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Сингапур менен сүйлөшүүлөрдүн беш раунду өткөрүлгөн. Тигран Саркисян 2019-жылы республика менен ЭСА түзүү боюнча иштердин аягына чыгууга мүмкүн болоруна үмүтүн билдирди.

"Бул өлкөлөр менен ЭСА түзүү - биздин мамлекеттерде экономикалык өсүштү өбөлгөлөө, бул өлкөлөрдүн рынокторуна экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн олуттуу потенциал. Бул инвестицияларды кошумча тартуу үчүн да мүмкүнчүлүк", - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тигран Саркисян ошондой эле евразиялык интеграцияны илгерилетүү үчүн чечүүгө зарыл болгон маселелерди атады. Анын пикири боюнча, алар Бирликтин мейкиндигинде "жетишсиз интеграцияга" байланыштуу. Төрт "эркиндик" принцибин жүзөгө ашырууга жолтоо болгон тоскоолдуктар бар жана аларды четтетүү зарыл. Мындай милдетти ЕЭК алдына мүчө мамлекеттердин башчылары коюшкан.

"Тоскоолдуктар - макулдашылбаган иш-аракеттердин натыйжасы. Ошондуктан мамлекеттер макулдашылган саясаттарды жүргүзүшү керек. Дүйнөлүк экономикадагы протекционизм, өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо, соода согуштар сыяктуу тренддер биздин Бирликте болуусу алгылыксыз", - деп баса белгиледи Тигран Саркисян.
Мындай макулдашылган саясаттардын негизинде улуттук мыйзамдарды, анын ичинде каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды айкалыштыруу жатат. Президенттердин тапшырмасы боюнча катышуучу өлкөлөрдүн улуттук жана борбордук банктар ЕАЭБтин жалпы каржылык рыногунун Концепциясын иштеп чыгышууда.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ошондой эле Европа бирлигиндеги "Аэробус" долбооруна окшош евразиялык бренддерди түзүү зарылчылыгын белгиледи. "Биз Биримдик боюнча бардык өнөктөштөрүбүздүн катышуусу менен, өзүбүздү үчүнчү өлкөлөрдүн алдында бир бүтүндүк катары позициялоого мүмкүндүк бере ала турган масштабдуу кооперациялык долбоорлорду ишке киргизишибиз зарыл", - деп билдирди ал.

Комиссия зер буюмдар чөйрөсүндө евразиялык брендди жаратуунун үстүндө жигердүү иштөөдө, анткени Бирлик өлкөлөрүнүн бул тармакта салыштырмалуу артыкчылыктары бар. Жарык техникасы чөйрөсүндө евразиялык брендди түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. ЕАЭБтин катышуучу өлкөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык чөйрөлөрүн камтыган санариптик күн тартиби жүзөгө ашырылууда. ЕЭКтин санарип кеңсеси 30га жакын демилгелерди - санариптик ири долбоорлорду кароодо, алардын бир катары 2019-жылы каржылоо алат.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, Комиссия бул долбоорлор боюнча ЕАӨБ менен кызматташууга кызыкдар. "Мындай глобалдык интеграциялык долбоорлорду каржылоодо өзөктүү ролду Евразия өнүктүрүү банкы ойношу мүмкүн", - деп болжолдоду Тигран Саркисян.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук валюталарда эсептешүүгө суроо-талаптардын өсүшүнө байланыштуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов каржылык билдирүүлөрдү берүүнүн евразиялык системасын иштеп чыгууну сунуштады. "Евразия мейкиндикте улуттук валюталарда эсептешүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн биз "жөнгө салуучу кумдуктар" жагында өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен каржылык билдирүүлөрдү берүүнүн евразиялык системасын түзүшүбүз зарыл", - деди ал.

Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын Төрагасы Алексей Кудрин катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүү, тоскоолдуктарды жоюу, жалпы стандарттарды, анын ичинде каржылык рынокто жөнгө салуунун жаңы моделдерин түзүү боюнча ЕАЭБтин милдеттерин интеграциянын элементи катары баалайт.

Евразиялык интеграция андагы эң чоң экономика - россиялык экономикадан көз каранды болгондуктан, бардыгы үчүн рынок түзүүчү өлкө катары РФ экономикалык өсүштүн арымдарын өстүрүшү, тоскоолдуктарды жоюшу жана Бирликтин өлкөлөрүнөн катышуучуларды мамлекеттик сатып алууларга катыштыруусу зарыл. "Бул жерде Россия кээде пайданы башка мүчө мамлекетке бериши керек, ошондо бул Бирликтин өнүгүүсүнө түрткү берет", - деди Алексей Кудрин.

Пленардык отурумга ошондой эле Россия Федерациясынын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак, "Тышкыэкономбанктын" төрагасынын орун басары - башкармалыктын мүчөсү Андрей Клепач, "Казакстан өнүктүрүү банкы" АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дмитрий Бабичев, "ЭЖМ" УИУнун дүйнөлүк саясат жана дүйнөлүк экономика факультетинин деканы Сергей Караганов катышышты.

Маалымат
Евразия өнүктүрүү банкы Россия менен Казакстан тарабынан 2006-жылдын январында уюшулган эл аралык финансылык уюм, анын максаты евразиялык мейкиндикте инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүү жолу менен мүчө мамлекеттердин рыноктук экономикасын өнүктүрүүгө, алардын туруктуу экономикалык өсүшүнө, өз ара соода-экономикалык байланыштарынын кеңейишине жана интеграциялык процесстердин кеңейишине көмөк көрсөтүү болуп саналат. ЕАӨБ уставдык капиталы 7 млрд АКШ долларын түзөт. Банктын катышуучу өлкөлөрү болуп Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы жана Тажикстан Республикасы эсептелет.