Sign In
ЕЭК өз ишмердүүлүгүнүн төрт жылдыгы үчүн ачык баяндамасын жарыялады

ЕЭК өз ишмердүүлүгүнүн төрт жылдыгы үчүн ачык баяндамасын жарыялады

24.02.16

Евразия экономикалык комиссиясы 2012-2015-жылдар аралыгында ЕЭК Коллегиясынын биринчи курамы иштеген учурда Комиссиянын жана Евразия экономикалык биримдигинин ишмердүүлүгү туурасында ачык баяндама чыгарды.

Баяндамада Бажы биримдигинин (ББ), Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин (БЭМ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) баскычтарында интеграциялык долбоордун өнүгүшү тууралуу маалымат берилди. Анда ЕАЭБ миссиясы жана принциптери чагылдырылып, Биримдиктин экономикалык натыйжалуулугу тууралуу түшүнүк берилет.

ЕЭК Коллегия Мүчөлөрүнүн (Министрлердин) автордук макалаларында Комиссиянын негизги иш багыттары боюнча ишмердүүлүгүнүн тыянактары келтирилген. Министрлер өздөрүнүн багыттарынын алкагындагы төрт жылдык иш учурундагы интеграцияны өнүктүрүүнүн эң маанилүү, көйгөйлүү жана актуалдуу аспектилери тууралуу айтып беришти. Макалаларда, анын ичинде, Армения Республикасы жана Кыргыз Республикасы евразия экономикалык долбооруна кошулуусунан алынган алгачкы натыйжаларга да басым коюлат.

Өзүнчө бөлүм ЕАЭБтин эл аралык аренадагы ролуна, Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр жана эл аралык бирикмелер менен иштешүүсүнө арналды. ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн эркин соодалашуу аймагы тууралуу макулдашууну иштеп чыгуу процесси келтирилип, ошондой эле алар менен кызматташууну өнүктүрүү перспективалары иштелип чыгып жаткан мамлекеттер жана бирикмелер саналып өттү. Алардын ичинде – Кытай, Израиль, Индия, Египет, Корея Республикасы, Монголия, АСЕАН, АТЭС, МЕРКОСУР, ЕБ жана башкалар. ЕАЭБтин Вьетнам менен эркин соода аймагы тууралуу макулдашуусуна жетишилгени өзгөчө белгиленет.

Комиссиянын ишмердүүлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн натыйжалуу иштешүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Баяндамада ЕЭК менен Биримдиктин өлкөлөрүнүн бизнес коомчулуктарынын иштешүүсү тууралуу маалымат камтылган: Консультативдик кеңештин, Консультативдик комитеттердин, эксперттик жана жумушчу топтордун форматтарында иштөө тууралуу маалымат келтирилген.

Мындан тышкары, басылмада интеграциялык долбоордун ишке киргизилишине байланыштуу – ББ, БЭМ жана ЕАЭБ баскычтарында – өнүгүүгө күчтүү түрткү алган компаниялардын 16 конкреттүү ийгилик таржымалы каралат. Товарлардын жана капиталдын эркин жүгүртүлүшү бул компанияларга өндүрүштүк кубаттуулуктарын өнүктүрүүнүн мурда болуп көрбөгөн мүмкүнчүлүктөрүн, Биримдик өлкөлөрүнүн жаңы базарларына чыгууну камсыз кылган.

Комиссиянын иштешинин негизги принциби – өз ара пайдалуу кызматташууну, тең укуктуулукту жана улуттук кызыкчылыктарды эске алууну камсыз кылуу. Бул, атап айтканда, Биримдиктин ченемдик-укуктук базасын даярдоонун мурдатан болгон жана баяндамада көз көрүнөө сүрөттөлгөн жол-жоболору менен бекемделет.

Комиссиянын иштешинин биринчи баскычы ичинде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумдарынын жүрүшүндө 120дан ашык жана ЕЭК Кеңешинин жана Коллегиясынын деңгээлинде 1600дөн ашуун документ кабыл алынган.

Баяндамада Евразия экономикалык интеграциянын өнүгүү перспективалары да келтирилген.

ЕАЭБ негизги максаттарынын бири – Биримдиктин товарларынын, кызматтарынын, капиталынын жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү базарын калыптандыруу. Биримдиктин узак мөөнөттүү өнүгүшү интеграциянын натыйжасында базардын жаңы сегменттеринин түзүлүшүнүн аркасы менен мүчө мамлекеттердин экономикаларынын түзүлүшүнүн өркүндөшүнө өбөлгө болушу керек.