Sign In
Евразия экономикалык бирлигинде ЕАЭБ мамлекеттеринин Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши түзүлөт

Евразия экономикалык бирлигинде ЕАЭБ мамлекеттеринин Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши түзүлөт

23.03.15

20-мартта, ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин директору Олег Арнаутовдун жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлорунун кеңешмесинде Бирликке мүчө-мамлекеттердин Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Кеңешмеге Беларустун жана Россиянын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторлору – Василий Пивовар жана Евгений Непоклонов, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык текшерүү жана көзөмөл комитетинин жетекчисинин орун басары Мурат Шаимов, ЕЭКтин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Ички жана тышкы соода иштеринде ветеринардык-санитардык чараларды колдонууда ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын өз ара иштешүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгына байланыштуу кеңешменин катышуучулары мындай Кеңешти түзүүнүн актуалдуулугун белгилешти. Комиссия тарабынан даярдалган Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндө Жобонун долбоору жактырылды.

Ошондой эле, ишканаларды Үчүнчү өлкөлөрдүн реестрине киргизүүгө, Үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын реестрин жүргүзүүдө маалыматтык өз ара аракеттешүүгө жана ЕАЭБ тышкы чегараларында биргелешкен көзөмөл жүргүзүүгө байланыштуу бир катар маселелер каралды.

Бирликтин аймагын ветеринардык колдонуу үчүн коопсуз дары каражаттары менен камсыздоо; ЕАЭБ мыйзамдарын бузуу менен киргизилген жүктөрдү Беларусь жана Казакстан Республикаларынын ыйгарым укуктуу органдарынын көзөмөлүнө өткөрүп берүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары күн тартибинде, россиялык аймакка өнүмдөрүн киргизүүгө укугу жок, үчүнчү мамлекеттердин ишканаларында иштелип чыгарылган чочконун сөөксүз этин Казакстандан Россияга киргизүүгө жол берилбешине тийиштүү маселе каралды.​ 

Ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тобокелдерден коргонуунун талаптагыдай деңгээлине жетүү жана тийиштүү ветеринардык чараларды колдонуу максатында жана эл аралык сунуштардын, эрежелердин жана процедуралардын негизинде ветеринария тармагындагы тобокелдерди баалоонун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуунун актуалдуулугун белгилешти. Бул тема Комиссиянын 2015-2016-жылдары санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча илимий-изилдөө иштеринин планына киргизилмекчи.

Кеңешменин катышуучулары ветеринардык чараларды жүзөгө ашыруунун эң мыкты тажрыйбалары менен таанышуу үчүн мындай жолугушууларды дайыма өткөрүп туруу жөнүндө макулдашышты.