Sign In
“Евразия жумалыгында” ЕАЭБтин Вьетнам, Индия жана Иран менен эркин соодалашуу аймактарын өнүктүрүүнү талкуулашат

“Евразия жумалыгында” ЕАЭБтин Вьетнам, Индия жана Иран менен эркин соодалашуу аймактарын өнүктүрүүнү талкуулашат

24.07.17

Евразия жумалыгыфорумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Вьетнам менен эркин соодалашуу аймагынын (ЭСА) ишинин биринчи жыйынтыктары чыгарылат жана Индия, Иран менен соода режимин либералдаштыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр талкууланат. Форум 24-25-августта Астанада (Казакстан) өтөт жана ага Биримдиктин мүчө жана өнөктөш өлкөлөрүнүн расмий адамдары, эл аралык бизнестин өкүлдөрү катышышат.

“ЕАЭБ - Вьетнам: биринчи бизнес-жыйынтыктар. Соода форсайты” семинарында Биримдик өлкөлөрүнүн компанияларынын өкүлдөрү ЭСА колдонуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы, ошондой эле Вьетнам жана ЕАЭБ ортосунда бизнести андан аны өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып беришет.  ЭСА алкагында кызматташтык 2016-жылдын октябрында башталган, жана үстүбүздөгү жылдын башында долбоор жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

Быйылкы жылдын башында биз көрүп турган экспорттун жана импорттун өсүшүнүн көрсөткүчтөрү Вьетнам менен эркин соодалашуу аймагынын натыйжалуу иши туурасында айтып турат. 2017-жылдын беш айында эле ЕАЭБтин Вьетнам менен жалпы товар айланымы дээрлик 2 млдр АКШ долларын түзүп, 26,6%га өсүштү көрсөттүБиздин кийинки кадамдар - товарлардын келип чыгуу сертификаттарын тастыктоо электрондук системасын түзүү, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды, ошондой эле өнөктөштөрдүн рынокторуна товарлардын жетүүсүн камсыздоо үчүн соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чараларды колдонуу чөйрөсүндө жооптуу органдардын кызматташтыгын өнүктүрүү”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина.

ЕАЭБ - Иран: транспорттук-логистикалык коридорду жакшыртуу- Ирандын рыногуна өсүп жаткан кызыгууга байланыштуу актуалдуу темаИран менен эркин соодалашуу аймагын түзүүгө алып келген убактылуу макулдашууну даярдоо боюнча иш аяктоодо. Буга байланыштуу бул өлкө менен соода байланыштарын өнүктүрүү жөнүндө кайра байланышты алуу, иран рыногуна ЕАЭБ мамлекеттеринин компаниялары чыгуусунда кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды аныктоо үчүн ишкер чөйрөлөр менен үзгүлтүксүз баарлашуу принципиалдуу маанилүү. Семинарда бажылык жөнгө салуу, логистикалык чыгымдарды төмөндөтүү, транспорттук инфраструктураны түзүү жана ыңгайлуу бизнес-чөйрөнү калыптандыруу маселелери талкууланат.

ЕАЭБ - Индия: ЭСА түзүүгө карата жолсеминары ЕАЭБтин жана Индиянын бизнесинин эки тараптуу сооданын эң керектүү багыттарын аныктоого арналган.

Иш-чаранын алкагында түздөн-түз диалог режиминде актуалдуу маселелер көтөрүлүп, экономикалык өз ара иштешүүнүн перспективалары, бизнестин алдында жаңы перспективаларды ачкан, сооданы либералдаштыруу шарттарында аны андан ары тереңдетүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чаралар каралат. Семинардын жүрүшүндө келечекте Индия менен  эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууда аныктала турган, анык жана узак мөөнөттүү эрежелердин негизинде түзүлгөн, экономикалык интеграцияны өнүктүрүү боюнча практикалык сунуштарды талкуулоо пландаштырылатСоодалык жөнгө салуу, административдик процедураларды унификациялоо, соода тоскоолдуктарын алып салуу, товардык жана инвестициялык агымдарды колдоо, технологиялык жана өндүрүштүк кооперация сыяктуу маселелерди козгоо болжолдонот

Маалымат

Евразия жумалыгыфоруму - ЕАЭБ өлкөлөрү жана ЕЭК тарабынан өткөрүлгөн ар жылдык иш-чара. Форумду өткөрүү демилгеси 2015-жылдын майында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн беш премьер-министрлеринин чечими менен бекитилген. Форум ишкердик ишкердик жана экспозициялык бөлүктөрдөн туруп, B2B- жана B2G байланыштарды түзүүгө өбөлгө түзөт. “Евразия жумалыгыбиринчи форуму 2016-жылдын октябрында Москва эл аралык форумунун жанаАчык инновацияларинновациялык өнүгүү шоусунун аянтчасында өткөрүлгөн. Анда Биримдиктин жана үчүнчү өлкөлөрдүн (Вьетнам, Сингапур, Египет, Түштүк Корея, ЕС өлкөлөрү) ишкердик жана эксперттик чөйрөлөрүнүн катышуусу менен 16 тематикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. 400 ашык спикерлер форумдун аянтчасында чыгып сүйлөгөнКөргөзмө бөлүгүндө Биримдиктин өлкөлөрүнөн 43 экспонент катышкан. Форумга 2 000ден ашык адамдар келген.