Sign In
Астанада “Евразия жумалыгы” форуму ачылды: анын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдында турган экономикалык милдеттерди практикалык жүзөгө ашыруунун формулаларын издешүүдө

Астанада “Евразия жумалыгы” форуму ачылды: анын катышуучулары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдында турган экономикалык милдеттерди практикалык жүзөгө ашыруунун формулаларын издешүүдө

24.08.17

Биримдик өлкөлөрүнүн “Евразия жумалыгы” эл аралык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян башкаруунун адаттагы моделдерин модернизациялоонун маанилүүлүгү жөнүндө билдирди.

“Илимий-техникалык прогресс өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгын тездетүүдө, ал эми биздин башкаруу системалар кечигүүдө: чечим кабыл алуу менен, адаптация менен, жаңы эрежелерди өбөлгөлөө менен жана башка”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

“Анткен менен ЕАЭБ бизге бул милдетти чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, - деп эсептейт Тигран Саркисян. - Улуттуктун үстүндөгү органдар заманбап болуп жана кандайдыр-бир жасалма, ишке ашырылгыс системаларды түзүү менен эмес, тренддерди башкаруу менен алектенишмекчи.  Ошондо бардык процесстер тезирээк алдыга жылат, жана биз жарандар үчүн да, бизнес үчүн да жагымдуу шарттарды түзө алабыз”.

“Өзгөрүлүп туруучу дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк: жаңы моделдер, технологиялар, башкаруу формалары” пленардык отурумунда дискуссиянын жүрүшүндө Тигран Саркисян ЕАЭБтин жалпы рыногундагы тоскоолдуктардын жана чектөөлөрдүн темасын козгоду. “Жакынкы беш жылда биз биринчи кезекте тоскоолдуктарды жоюу менен, интеграцияны тереңдетишибиз керек”, - деп ишенет ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.   Биримдиктин жалпы рыногунда тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иштин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын биринчи милдети болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда алар бар экени туурасында макулдашууларга жетишүү болуп саналат. “Андан кийин биз биздин жалпы рыноктор толук кандуу иштеши үчүн тоскоолдуктарды, алып коюуларды, чектөөлөрдү биргелешип кантип алып салуу керектиги боюнча “жол картасын” иштеп чыгабыз”, - деп билдирди Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын айтымында, макулдашуу иштери жүргүзүлгөн 60 тоскоолдук, - бул иштин бөлүгү гана. Дискуссия уланып жаткан дагы 60 жакын маселе бар.

Мындан тышкары, улуттук демилгелерди иштеп чыгууда Биримдик өлкөлөрүнүн макулдашылган иш-аракеттери жөнүндө кеп болду, аларды жүзөгө ашыруу жаңы тоскоолдуктарды жаратпашы керек. “Биз бүгүнтөн эле биздин санариптик күн тартиптерди кантип макулдашарыбыз, кандай стандарттарды колдонорубуз, иштелип чыгарылып жаткан системалардын өз ара иштешүүсүн жана интероперабелдүүлүгүн камсыздарыбыз туурасында макулдашып алышыбыз керек. Эгерде биз бул маселелерди башында сүйлөшүп албасак, жаңы чектөөлөрдү жаратабыз, андан тышкары бизнестин жашоосун татаалдатабыз”, - деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Стратегиялык чакырыктар жана евразия интеграциясынын келечегине өз көз караштары туурасында пленардык отурумдун башка спикерлери да сөз кылышты.

Отурумду ачып жатып, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдиргендей, “Евразия жумалыгы” бизнестин кооперациялык өз ара байланышын, ЕАЭБтин инвестициялык жана экспорттук потенциалын жана Биримдиктин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген маанилүү инструмент болуп калды.

Бакытжан Сагинтаев иш-чаранын катышуучуларынын көңүлүн 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүүнүн позитивдүү динамикасына бурду.  Казакстандын өкмөт башчысынын пикири боюнча, сооданы өнүктүрүү үчүн ички шарттарды түзүүнүн аркасында, чет өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Мисал катары ал Вьетнам менен өз ара иштешүүнү келтирди. “Вьетнамдан келген товарлар үчүн алымсыз өз ара жеткиликти ачуу менен биз бул өлкө менен сооданы күчөттүк. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин Вьетнам менен товар айланымынын 26,9%  көбөйгөнүн көрсөттү: акча эквивалентинде бул дээрлик жарым миллиард доллар, алардын 271 миллион доллары Казакстанга туура келет”, - деп белгиледи Казакстандын Премьер-министри.

Туруктуу өсүштү тоскоолдуктарды четтетүү менен жана чоң идеяларга - экономиканы санариптештирүүгө, транспорттук тармакты өнүктүрүүгө, транзакциялык коромжуларды төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө карай бет алуу менен гана камсыздоого болору туурасында Армения Республикасынын вице-премьер-министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян билдирди.  Кооперацияны бардык деңгээлдерде жана ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө колдоо, бирдиктүү техникалык стандарттар боюнча иштөө зарыл, жана муну менен натыйжалуу рыноктук экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт.

Ваче Габриеляндын пикири боюнча, санариптик технологияларды жайылтуунун маанилүү артыкчылыгы болуп, бул бардык тармактар үчүн ишмердүүлүктүн өтмө багыттары болгондугу эсептелет, алар өнөр жай кооперациясын жана ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө интеграцияны өнүктүрүүгө мүмкүндүк беришет. Мындан тышкары, ал бизнестин өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүнүн жолугушуусунун өзгөчө маанисин белгиледи: “Евразия жумалыгы” сыяктуу мындай иш-чаралар реалдуу интеграция үчүн шарттарды түзүүнү өбөлгөлөйт.   Бул жерде биз жоготкон байланыштар калыбына келет. Эгерде буга чейин маалымат аз болгон болсо жана биригүү үчүн мүмкүнчүлүктөр болбосо, азыр бул тоскоолдуктар азаюуда.  Биз биздин экономикалар чогуу өнүгүүсүнө умтулушубуз керек”.

Ваче Габриеляндын пикири боюнча, санариптик технологияларды жайылтуунун маанилүү артыкчылыгы болуп, бул бардык тармактар үчүн ишмердүүлүктүн өтмө багыттары болгондугу эсептелет, алар өнөр жай кооперациясын жана ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө интеграцияны өнүктүрүүгө мүмкүндүк беришет. Мындан тышкары, ал бизнестин өкүлдөрүнүн, эксперттердин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүнүн жолугушуусунун өзгөчө маанисин белгиледи: “Евразия жумалыгы” сыяктуу мындай иш-чаралар реалдуу интеграция үчүн шарттарды түзүүнү өбөлгөлөйт.   Бул жерде биз жоготкон байланыштар калыбына келет. Эгерде буга чейин маалымат аз болгон болсо жана биригүү үчүн мүмкүнчүлүктөр болбосо, азыр бул тоскоолдуктар азаюуда.  Биз биздин экономикалар чогуу өнүгүүсүнө умтулушубуз керек”.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов белгилеп өткөндөй, Биримдик өлкөлөрүнүн бардык экономикалары, анын ичинде россиялык экономика, төмөндөө мезгилинен кийин өсүш фазасына чыгышты. “Биз товар айланымынын деңгээлинин жакшырышына жана тоскоолдуктар көйгөйлөрүн түшүнүүгө жетиштик.  Мунун бардыгы алдыдагы мүдөөлөр, Биримдик түзүлгөн өткөн жылдарга караганда жагымдуураак болот деп айтууга мүмкүндүк берет”, - деп эсептейт Игорь Шувалов.  Анын пикири боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык нерселер тез өзгөрүүдө, жана эмне көбүрөөк жакшы болору туурасында чечим кабыл алуу зарыл - айрым тармактар, ишканалар үчүн консервативдик чөйрөнү колдообу же бардык беш өлкөнүн жарандарына бакубатчылыкты камсыздай турган бирдиктүү рынокту болушунча тезирээк кантип түзүүгө болот.   Санариптик экономиканын маселелерине тиешелүү сөз кылууда Игорь Шувалов билдиргендей, ЕЭКтин жана улуттук өкмөттөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү зарыл.

Пленардык дискуссиянын аягында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян “Евразия жумалыгы” сыяктуу форумдарды өткөрүү, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген иштиктүү инструменттердин бири болуп саналарын белгилеп өттү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы кабыл алуучу тарапка - Казакстан Республикасына, Биримдик өлкөлөрүнүн вице-премьерлерине, чет элдик конокторго, уюштуруучулук жана маалыматтык өнөктөштөргө кызыгуусу жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.