Sign In
ЕЭК техникалык регламенттердин талаптарын сактоо боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын күч-аракеттерин бириктирет

ЕЭК техникалык регламенттердин талаптарын сактоо боюнча Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын күч-аракеттерин бириктирет

24.08.18
Евразия экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) бирдиктүү рыногун техникалык регламенттерине шайкеш келбеген үчүнчү өлкөлөрдүн коопсуз эмес продукциясынан коргоо – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өзөктүү максаттарынын бири. Рыноктун «тазалыгын» камсыз кылууга Комиссия иштеп чыккан бир катар документтер жардам берет. Алардын ичинде Бирликтин өлкөлөрүнүн техникалык регламенттеринин жана бажы органдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасынын долбоору бар, ал Комиссиянын аянтчасында ушул түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңешмеде талкууланды.

Кеңешменин катышуучулары тараптар контролдоочу аракеттерди жүргүзгөн, тыгыз кызматташкан учурда улуттук жөнгө салуучулар жалпы ыкмаларды иштеп чыкканда жана так түшүнгөндө гана Бирликтин рыногун натыйжалуу коргоого жана керектөөчүлөрдү толук коопсуз кылууга болорун белгилешти.

Өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу тутумун түзүү жана сунуштамаларды кабыл алуу, жолугушуунун катышуучуларынын пикири боюнча, мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарына жана бажы органдарына зарыл маалыматты алмашууга, тобокелдикти камтыган, үчүнчү өлкөлөрдөн келип түшкөн продукцияны чек арада табууга жана анын Бирликтин аймагында жүгүртүүгө чыгарылышынын алдын алууга мүмкүндүк берет.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнунда ЕЭК Коллегиясы Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик контролдоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин кабыл алган. Бул чөйрөдөгү жаңы документ ЕАЭБдин бирдиктүү рыногундагы кырдаалды дагы алда канча турукташтырууга мүмкүндүк берет.

Бирликтин өлкөлөрүнүн техникалык регламенттеринин жана бажы органдарынын талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын сунуштамасын ушул жылдын аягына чейин кабыл алуу белгиленген.