Sign In
ЕАЭБде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн медициналык жабдыктар чөйрөсүндөгү импортту алмаштыруу социалдык программаларга чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет

ЕАЭБде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн медициналык жабдыктар чөйрөсүндөгү импортту алмаштыруу социалдык программаларга чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет

IMG-20200820-WA0014.jpg
24.08.20
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) өнөр жай кооперациясынын жана импортту алмаштыруунун алкагындагы өз ара аракеттенүү процессинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн медициналык жабдыктарды өндүрүү боюнча алдыңкы компанияларына колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген бейтаптар үчүн диагностикалоо, протездөө жана реабилитациялоо боюнча техникалык каражаттарды өндүрүү боюнча жогорку технологиялуу россиялык ишканага – "Исток-Аудио" компаниялар тобунун заводуна сапарынын жүрүшүндө билдирди.  
"ЕАЭБде импортту алмаштыруу программаларын ишке ашыруунун алкагында медициналык жабдыктарды жана техникалык каражаттарды, атап айтканда, кохлеардык импланттардын өндүрүшүн өнүктүрүү социалдык жактан маанилүү милдет болуп саналат, – деп баса белгиледи Тигран Арутюнян. – Натыйжада керектөөчүлөргө – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга пайда келтирилүүдө. Аталган товарларды Бирликтин өлкөлөрүндө чыгаруу жарандарга жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча программаларды каржылоонун алкагында улуттук бюджеттердин чыгымдарынын олуттуу түрдө кыскартылышына жетишүүгө мүмкүндүк берет".

ЕЭК делегациясынын мүчөлөрү өндүрүштүк процесс менен таанышышты, өндүрүштүн потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн баалашты, ошондой эле продукциянын айрым түрлөрүн карап чыгып, ишкананын инновациялык өндүрүш кубаттуулуктарынын жогорку деңгээлин жана чыгарылып жаткан продукциянын сапатын белгилешти.

Мындан сырткары, сапардын жүрүшүндө тараптар кохлеардык имплантациянын, угуу терапиясынын жана профилдик медициналык жабдыктардын ЕАЭБдеги рыногун, дүйнөлүк иш-тажрыйбанын ушундай тутумдарды өндүрүүгө инкорпорациялоонун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле Бирликтин медициналык ишканаларынын дарылоодо жана диагностикалоодо ЕАЭБдин медициналык буюмдарын колдонууга өтүүсүнүн перспективаларын талкуулашты.

Маалымат

"Исток-Аудио" компаниялар тобу 1994-жылы Фрязино илим шаарынын шаарды түзүүчү ишканасынын базасында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө "Исток-Аудио" КТ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн реабилитациялоо боюнча заманбап техникалык каражаттарды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу чөйрөсүндөгү лидерлердин бири болуп саналат.

Ишканада даярдалган продукциянын тизмегине жогорку технологиялуу угуу аппараттарынын эконом-класстан премиум-класска чейинки 80ден ашуун моделдери; добуш күчөтүүчү техника; индукциялык тутумдар – маалыматты түздөн-түз угуу аппараттарына берүүчү түзмөктөр; жарык сигнализаторлору; санариптик вибрация-жарык тутумдары; жеке угууну коргоо каражаттары; аудиометрикалык изилдөөлөр үчүн ызы-чуудан коргоочу кабиналар; тактилдик тактайчалар, белгилер жана мнемосхемалар; көзү начар көргөн жана азиз адамдардын жол табуусу үчүн навигациялык тутумдар; аудиокитептердин функцияларын коммуникатордун мүмкүнчүлүктөрү менен бириктирген смарт-тутумдар; көчмө телескопиялык пандустар кирет.

"Исток-Аудио" КТнын ишинин приоритеттүү багыттарынын бири "Жеткиликтүү чөйрө" социалдык программасында катышуу болуп саналат. Анын алкагында компания ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды реабилитациялоо жаатындагы инновациялык технологияларды активдүү киргизип келет.