Sign In
Армения Дарылардын жана медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга, ал эми Кыргызстан - Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасына кошулат

Армения Дарылардын жана медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга, ал эми Кыргызстан - Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасына кошулат

24.11.15

23-ноябрда видеокөпүрө форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын орун басары Аркадий Дворкович, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер).

ЕЭК Кеңеши интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, өнөр жай, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфратүзүм, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү бир катар маанилүү маселелерди карады.

Маселен, отурумда Дарылардын жана медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армениянын кошулуусу жөнүндө протоколдорго кол коюу маселеси жактырылды. Протоколго ЕЭК Кеңешинин 2-декабрда өтө турган отурумунда кол коюу пландаштырылууда. Бул Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө макулдашууга ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тарта Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн зарыл.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун айтымында, бул социалдык маанилүү чөйрөлөрдө жалпы рыноктордун түзүлүшү ЕАЭБ мамлекеттеринин фармацевтикалык өнөр жайынын өнүгүшүнө, дарылар жана медициналык буюмдар менен өз ара соодалоонун өсүшүнө, Биримдиктин беш өлкөсүнүн калкын коопсуз, натыйжалуу жана сапаттуу препараттар менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Жалпы рыноктордун ишин камсыздоо үчүн макулдашууларда ушул жылдын аягына чейин, ЕЭКтин фармацевтикалык продукциялардын жана медициналык буюмдардын айланымынын айрым маселелерин жөнгө салуучу 40ка жакын ченемдик актыларын кабыл алуу каралгандыгы белгиленди. Аталган актылардын долбоорлору дээрлик даяр.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты. Өзгөртүүлөр ага Кыргызстандын кошулуусуна байланыштуу киргизилүүдө. Декабрдын аягына чейин документ Евразиялык жогорку экономикалык кеңешке берилет.

Киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 2016-жылдын 1-январынан баштап, Армениянын, Беларустун же Россиянын ташуучулары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөлөрү болбогон мамлекеттерден жүктөрдү автомобиль менен ташууларды аяктагандан кийин, катталган өлкөсүнө кайра кайтып баратканда, Кыргызстандын аймагында: Талас, Чүй же Ысык-Көл областтарында бир каботаждык автомобилдик жүк ташууну аткарууга укук алышат. Армениянын, Беларустун жана Россиянын Тараптар буга чейин макулдашылган аймактарында, каботаждык ташууларды аткаруунун тийиштүү шарттары Кыргызстандын аймагында катталган ташуучуларга да берилет.

Программада каралгандай, 2020-жылдын 1-январынан тарта, кайра кайтуучу багытта каботаждык ташууларды ЕАЭБтин өлкөлөрүнүн каалаган аймактары боюнча жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет, ал эми 2025-жылдын 1-январынан баштап мындай ташуулардын саны үчкө чейин көбөйтүлөт.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштуруунун тартиби жөнүндө Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨК) тескемесинин долбоорун жактырышты. ЕӨК тескемесинин долбоорунда Биримдиктин мүчө өлкөлөрүнө Комиссиянын координациясы алдында тийиштүү иштерди уюштуруунун тартибин иштеп чыгуу жана ЕӨКтүн кийинки отурумунда аларды кароого сунуштоо тапшырмасы берилген. Биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди көрсөтүлгөн тартипке ылайык жүзөгө ашыруу агроөнөр жай комплексиндеги илимий-инновациялык ишмердүүлүктүн алкагындагы мамлекеттер аралык өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө, илимий потенциалды натыйжалуу колдонууга өбөлгө түзүп, илимий иштердин кайталанышына жол берилбеши күтүлөт.

Маалымат:

Каботаждык автомобилдик жүк ташуулар деп бир мүчө мамлекеттин аймагында катталган ташуучу автомобилдик транспорт менен, башка мүчө мамлекеттин аймагында жайгашкан эки пункттун ортосунда аткарган жүк ташууларын түшүнөбүз.

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык биримдигинин улуттар үстүнкү туруктуу иштеп турган жөнгө салуучу органы, 2012-жылдын 2-февралынан тартып иштей баштаган. Учурда ЕЭК курамына беш өлкөнүн өкүлдөрү кирген: Армения Республикасынын, Беларус Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын. Комиссиянын чечимдери ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактарында аткарылышы шарт.

2014-жылдын 29-майында ББ жана БЭМ мүчө өлкөлөрү тарабынан Евразия экономикалык биримдигин түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Бирликтин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин ташылуусу, экономиканын ар кандай тармактарында координацияланган, макулдашылган саясат же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалган. ЕАЭБ максаты - мүчө өлкөлөрдүн калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу кызыкчылыгында алардын экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды камсыздоо, глобалдык экономика шарттарында улуттук экономикаларды ар тараптан модернизациялоо, кооперациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

ММК үчүн байланыш маалыматтары:

ЕЭК пресс кызмат бөлүмүнүн башчысы:

Валерий Иванович Петров

7(495)669-2464 кош. 41-17

petrov@eecommission.org

Пресс кызмат бөлүмүнүн кеңешчиси:

Юлия Станиславовна Назарова

+7 (495) 669-24-00 кош. (41) -47

 jnazarova@eecommission.org