Sign In
ЕЭКте ЕАЭБке ташып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Долбоордук кеңсе ишин баштады

ЕЭКте ЕАЭБке ташып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча Долбоордук кеңсе ишин баштады

24.09.20
23-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагына ташылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Долбоордук кеңсенин биринчи отуруму болуп өттү.

Отурумду ачып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович белгилеп өткөндөй, "долбоордук кеңсенин мүчөлөрү конструктивдүү иштеши керек жана жалпы максатка ылайык Бирлик өлкөлөрүндөгү өнөктөштөр менен бирдиктүү иш алып баруу зарыл".

Буга байланыштуу, ЕЭК Коллегиясынын башчысы өлкөлөрдөн төмөнкүдөй маалыматтарды сурап алууну сунуштады: улуттук мыйзамдарды макулдашууга ылайыкташтыруу боюнча кандай иштер жүргүзүлдү, эмнени жана качан кабыл алуу пландаштырылууда, товарларды байкоого алуунун улуттук тутуму кайсы этапта, Комиссиянын долбоордук кеңсинин жана өлкөлөрдүн ишин унификациялоо үчүн кандай сунуштарды киргизүүгө болот. Михаил Мясниковичтин пикири боюнча, макулдашуу өтмө болуусу керек.

Долбоордук кеңсесинин башчысы, ЕЭК Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министри) Тимур Жаксылыков баса белгилегендей, иштин мындай форматы ЕАЭБге ташып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө Макулдашууну жүзөгө ашыруунун кыска мөөнөттөрүнө байланыштуу тандалып алынган. «Иштин алкагындагы бардык милдеттер Комиссиянын блокторунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Мындан тышкары, товарларды байкоого алуу тутумунун улуттук компоненттерин түзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди натыйжалуу координациялоо зарыл», - деди ЕЭК министри.

Маалымат

ЕАЭБдин бажы аймагына алып келинген товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашуу учурда Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия тарабынан ратификацияланды. Макулдашуу бардык керектүү жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу түрүндөгү билдирүү алынгандан кийин күчүнө кирмекчи. Макулдашуу товарларды ЕАЭБ боюнча өткөрүүдө алардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун тастыктоону камсыз кылууга жана бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуунун ар түрдүү схемаларынын колдонулушун жокко чыгарган шарттарды түзүүгө багытталган. Бул механизм бизнеске ачык негизде иштөөгө мүмкүндүк берет.​