Sign In
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү беш жылда 12,2% өстү

ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү беш жылда 12,2% өстү

24.09.20
2019-жылы Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрүндө көпчүлүк тармактарда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү  белгиленген. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комлекси боюнча мүчөсү (министри) Артак Камалян ЕЭКтин Өнөр жай боюнча консультативдик комитетинин кезектеги отурумунда "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун жылдык мониторингинин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө" баяндамасын сунуштап жатып билдирди.

Министр белгилегендей, "2015-2019-жылдардагы Негизги багыттарды жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары боюнча, башкача айтканда, COVID-19 коронавирус инфекциясы пандемиясы башталганга чейин, документте каралган бардык көрсөткүчтөр боюнча оң натыйжаларга жетишилген". Атап айтканда, ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 12,2% га, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайында – 13,8% га өскөн. Кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын экспортунун көлөмү 11,3% ке көбөйгөн. Өнөр жай продукцияларын өз ара соодалашуунун көлөмү 34,1% га жогорулаган. Иштетүү өнөр жайынын продукциясын өндүрүүнүн көлөмүндө жогорку технологиялык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн салыштырмалуу салмагы 2,7 пайызга көбөйүп, 2019-жылы 29,6% ды түзгөн. ЕАЭБ мамлекеттеринде иштетүү өнөр жайындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү 24%га өскөн.

Артак Камалян баса белгилегендей, өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктарынын негизинде, ошондой эле COVID-19 пандемиясына байланыштуу өзгөрүлгөн экономикалык кырдаалды эске алуу менен, баяндамада сунушталган, өнөр жай тармагында интеграцияны андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана Бирлик өлкөлөрү үчүн пандемиянын терс кесепеттерин тез арада жоюу боюнча сунуштар иштелип чыккан. 

Өнүгүүнүн негизги багыты - ЕАЭБ алкагында кооперацияны чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чаралар каралган Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана эртерээк кабыл алуу болмокчу. Алардын катарында - Бирликтин мүчө мамлекеттеринин өнөр жайын санариптик трансформациялоо, индустриялык-инновациялык инфраструктуранын объектилерин өнүктүрүүнү камтыган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу, экспортко багытталган, атаандашууга жөндөмдүү жаңы өнүмдөрдү алдыга жылдыруу механизмин өркүндөтүү, ошондой эле евразиялык өнөр жай кооперациясына катышкан улуттук компанияларды өбөлгөлөөнүн механизмдерин өнүктүрүү боюнча чаралар бар.

Консультативдик комитет тарабынан каралган экинчи баяндамада - "Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы өнөр жай продукцияларынын рыногуна мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" - Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай продукцияларынын рыногунун параметрлерине ар тараптуу талдоо камтылган. Ага киргизилген маалыматтар мүчө мамлекеттерге интеграциялык бирикме боюнча өнөктөштөрдүн муктаждыктары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга жардам берет.

ЕЭК министринин айтымында, 2019-жылы жалпы рынок физикалык жана нарктык мааниде өскөн - тиешелүүлүгүнө жараша 2,5% жана 1,1%. Мындан тышкары, ал Бирликтин рыногунда импорттолгон продукциянын үлүшүнүн азайгандыгын, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жигердүү өнүгүшүн белгиледи - 2019-жылы кооперативдик жеткирүүлөрдүн наркы мурунку жылга салыштырмалуу 3,6% га жана 2015-жылга салыштырмалуу 53% га жогорулаган.

Консультативдик комитеттин отурумунун жүрүшүндө, ошондой эле Бирликтин мүчө мамлекеттери биргелешип өндүргөн деп таанылган товарларга карата өзгөчөлүү субсидиялардын жол берилгендиги критерийин колдонуу шартын үч жылга узартуу жөнүндө макулдашылды (бул ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 21-июнундагы № 100 чечими менен бекитилген). Кеңештин чечими менен аны биргелешип өндүрүлгөн деп таануу үчүн мүчө мамлекеттердин товар өндүрүүчүлөрүнүн товарды өндүрүүгө катышуу үлүшүнүн минималдуу деңгээли белгиленген.​