Sign In
Кубага ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүү жөнүндө чечим 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн

Кубага ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүү жөнүндө чечим 2020-жылдын аягына чейин кабыл алынышы мүмкүн

24.09.20
24-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясына Куба Республикасынын Премьер-министрдин орун басары Рикардо Кабрисас Руис баштаган делегациясы расмий иш сапары менен келип кетти. ЕЭКтин штаб-квартирасында өлкөгө ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун берүүнүн айрым аспектилерин тактоо боюнча Комиссиянын, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Куба Республикасынын биргелешкен консультациялары, ошондой эле Куба делегациясынын ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев менен жолугушуулары болуп өттү.

Буга чейин Кубанын ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусун алууга ниети жөнүндө Жогорку Евразия экономикалык кеңеши маалымдалган. Мамлекет башчылары кызматташтыктын техникалык маселелерин жана мындан аркы перспективаларын тактоо үчүн, республика менен биргелешкен консультацияларды өткөрүү тапшырмасын беришкен.

ЕЭК штаб-квартирасында биргелешкен консультациялардын жүрүшүндө, Бирлик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары кубалык тараптын демилгесин толугу менен колдой тургандыктарын билдиришти. Сергей Глазьев белгилеп өткөндөй, Бирлик өлкөлөрү Куба менен 2018-жылы түзүлгөн меморандумдун алкагында өз ара аракеттенишет. Бирок кызматташтыкты арттырууга чоң өз ара каалоо бар.

«Байкоочу мамлекеттин статусу Кубага ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Өнөр жай, саламаттыкты сактоо, энергетика, транспорт, агроөнөр жай комплекси кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары болушу мүмкүн”, - деп баса белгиледи Сергей Глазьев.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кубанын делегациясын консультациялардын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады: “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеши ушул жылы чечим кабыл алат деп ойлойм. Комиссия өз тарабынан бул маселени биздин мамлекеттердин президенттеринин кароосуна киргизүү үчүн бардык зарыл болгон жол-жоболорду аткарды".

"Тилекке каршы, азырынча ЕАЭБ менен Кубанын өз ара соодасынын көлөмү анча жогору эмес. 2018-жыл эң мыкты жыл болгон - өз ара сооданын көлөмү 420 миллион долларга чейин жеткен. Бул биринчи кезекте, соода негизинен Россия Федерациясы менен жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу (жалпы көлөмдүн 95%). Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз кыйла жогору", - деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Ал Комиссия Бирликтин өлкөлөрүн соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө кызыктырарын кошумчалап жана Куба тарап да бул ишти күчөтөт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Рикардо Кабрисас Руис Комиссияга жана Бирлик өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал республика ЕАЭБ жөнүндө келишимдин байкоочу мамлекеттин статусу жөнүндө жоболорун аткарууга даяр экендигин билдирди. Рикардо Кабрисас Руис Куба ЕАЭБ органдарында өзүнүн туруктуу өкүлүн аныктоого даяр экендигин жана тил кубалык тарап үчүн тоскоолдук болбостугун белгиледи.

"Бардык иштер биздин элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн багытталышы керек. Тил да, аралык да биздин мамилелерди өнүктүрүүгө тоскоолдук боло албайт. Биздин ортобузда бир жалпы тил бар – бул тилектештик, кооперация жана биздин бардык өлкөлөрдүн бири-бирин толуктап туруусу", - деп белгиледи Рикардо Кабрисас Руис.

ЕАЭБде байкоочу-мамлекет статусу өлкөгө чакыруу боюнча, чечимдерди кабыл алууга катышуу укугусуз ЕАЭБ органдарынын жыйындарына катышууга, ошондой эле купуя маалыматтарды камтыбаган, органдар тарабынан кабыл алынган документтерди алууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда мындай статуска Молдова Республикасы ээ.

Маалымат

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Кубага экспортунун негизин машиналар жана жабдуулар, көбүнчө жүк ташуучу унаалар жана темир жол локомотивдери, минералдык өнүмдөр, тамак-аш азыктары, негизинен соя майы түзөт. Кубадан негизинен азык-түлүк продуктулары, көбүнесе шекер, рак сымалдар, күчтүү спирт ичимдиктери, кофе, тамеки буюмдары импорттолот.​