Sign In
ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Евразия экономикалык биримдигинде экономикалык интеграцияны өнүктүрүү өлчөөлөргө жогору талаптарды коет”

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Евразия экономикалык биримдигинде экономикалык интеграцияны өнүктүрүү өлчөөлөргө жогору талаптарды коет”

22.02.16

19-февралда Санкт-Петербургда россиялык “Метрологиялык академиянын” Президиумунун Бюросунда ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында макулдашылган саясат жүргүзүү боюнча Комиссиянын иштери жана бул чөйрөдө интеграциянын жаңы деңгээлине өтүүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди. 

Отурум Д.И.Менделеев атындагы Бүткүл россиялык метрология илимий-изилдөө институтунун аянтчасында болуп өттү. 

ЕЭК Министри белгилеп өткөндөй, бирдиктүү техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келүүгө сыноолордун объективдүү, так жана салыштырылуучу жыйынтыктарын алууда өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо маанилүү орунду ээлейт. Өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында иштерди жүргүзүү жана координациялоо, жана аларды өз ара таануу мамлекеттик бийликтин метрология жаатында ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Иштерди жүргүзүүнүн тартиби - өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүү үчүн ченемдик-укуктук база болуп эсептелет, ал Биримдиктин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын катышуусу менен иштелип чыгарылат жана Комиссия тарабынан бекитилет.

Буга байланыштуу Валерий Корешков мындай деп белгиледи: “Тартиптерди бекитүү метрологиялык иштердин жыйынтыктарын таануу процедурасын бир кыйла жеңилдетет жана ЕАЭБ мамлекеттеринде даярдалган өлчөө каражаттарынын эркин кыймылын, ошондой эле Биримдикте өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында кызмат көрсөтүүлөр эркин жана сапаттуу болушун камсыздайт”.

ЕЭК Министринин айтымында, Евразия экономикалык комиссиясы бул чөйрөдө ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара иштешүүсү үчүн натыйжалуу аянтча болуп эсептелет. 

Валерий Корешков метрологияны өнүктүрүүдө “Метрологиялык академиянын” чоң салымын, өнөр жайды, сооданы, илимди жана социалдык комплексти метрологиялык жактан камсыздоо үчүн анын жетишкендиктерин колдонуунун натыйжалуулугун белгилеп өттү. ЕЭК Министри мындай деп белгиледи: “Чоңдуктардын бирдиктеринин мамлекеттик эталондорун колдонуунун негизинде өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыздоо, азыркы эталондорду жакшыртуу, фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү жолу менен жаңыларын түзүү - абдан маанилүү милдет”. 

Метрология жаатында жетишкендиктери жана өлчөөлөр жөнүндө илимди өнүктүрүүгө кошкон салышы үчүн ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков Д.И.Менделеев атындагы Ардак медалы менен сыйланды. 

Маалымат

“Метрологиялык академия” аймактар аралык россиялык коомдук бирикмеси 1992-жылы май айында Санкт-Петербургда негизделген. Аны түзүүнүн уюштуруучулары  М.И.Менделеев атындагы БРМИИнин   жана башка метрологиялык институттардын метролог-окумуштуулары, Россиянын ири техникалык университеттеринен бир катар белгилүү илимий ишмерлер, Россиянын илимдер академиясынын жана тармактык илимий мекемелердин көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан.

Д.И.Менделеев атындагы Бүткүл россиялык метрология илимий-изилдөө институту илимий жана практикалык метрологиянын эң ири борборлорунун бири, Россия Федерациясынын метрологияда фундаменталдык изилдөөлөр боюнча башкы уюму болуп эсептелет. Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттикке карайт.