Sign In
ПЭЭФ-2018де Сергей Сидорский: «Биз ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамилелерди топтоштурдук»

ПЭЭФ-2018де Сергей Сидорский: «Биз ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамилелерди топтоштурдук»

25.05.18

«Евразия экономикалык бирлиги дүйнөлүк агрардык азык-түлүк рыногундагы глобалдык оюнчу болуп саналат. Биздин алдыбызда калкты азык-түлүк менен толук камсыз кылуу үчүн айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө чыгуу милдети турат», деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегиянын мүчөсү (министр) Сергей Сидорский Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018 алкагындагы «Глобалдык азык-түлүк коопсуздугу: планетанын көбөйүп бара жаткан калкын ким тойгузат?» деп аталган  ачык сессияда баса белгиледи.

ЕЭК министри Бирликте жалпы рынокту тең салмактуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча бирдиктүү мамилелер пайдаланылууда деп билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрү дан эгиндерине, жашылчаларга, картөшкөгө, өсүмдүк майларына, жумурткага, кантка ички керектөөнү өз өндүрүшүнүн эсебинен толугу менен канааттандырат. Жакынкы келечекте Бирлик сүттү, канаттуулардын жана чочко этин кошуп алганда, иш жүзүндө бардык товарлар боюнча калктын керектөөлөрүн камсыз кылат.

Интеграциялык бирикме өлкөлөрүндө атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүн көлөмдөрүн көбөйтүү жана АӨКнүн жогорку технологиялык азыктарынын экспортун өнүктүрүү үчүн дарамет бар.

«Айыл чарбасынын глобалдуу перспективалары заманбап санариптик технологиялардын жана так дыйканчылык тутумдарын өнүгүүсү менен аныкталат. Мында Бирлик өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташуу, АӨКкө чет өлкөлүк инвестицияларды жана технологияларды тартуу үчүн ачык», – деп белгиледи ЕЭК министри.

Сергей Сидорскийдин айтуусу боюнча, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «бешилик» мамлекеттеринин жалпы милдеттеринин ичине селекциялык жана генетикалык ресурстардын импортунан көз карандылыкты төмөндөтүү, тоюттарды, тоют кошулмаларын, комплекстүү жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын өндүрүүнү өнүктүрүү, айыл чарба машиналарын жасоону өнүктүрүү кирет. 

Ар бир багыт боюнча ЕЭК дем берүүчү чаралардын комплексин иштеп чыккан. Мисалы, ЕАЭБде үрөн-урук өндүрүү жана асыл-тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттер аныкталып, айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, Бирликте айыл чарбасы үчүн заманбап техника жана жогорку технологиялык ресурстарды өндүрүүнү топтоштуруу үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүлгөн.

«Биздин өлкөлөрдүн биргелешкен аракеттери, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштүн жана экспорттун көлөмдөрүн көбөйтүү боюнча дараметти ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге биз глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошобуз», – деп жыйынтыктады Сергей Сидорский.