Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортун колдоо аспаптары ПЭЭФ-2018де талкууланды

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспортун колдоо аспаптары ПЭЭФ-2018де талкууланды

IMG_3141.jpg
25.05.18

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экспортун өнүктүрүү үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эркин соода зоналарын түзүү, каржы институттарынын кызматташуусу жана «Евразия жумалыгы» эл аралык форумун өткөрүү сыяктуу аспаптары Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин алкагында өткөн «Чет өлкөлүк рынокторго экспортту алга жылдыруунун заманбап механизмдери» тегерек столунда талкууланды.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин майдагы жарлыктары жолугушуунун урунттуу темасы болуп, аларда экспорттук дараметти өнүктүрүү маселесине көп көңүл бурулду. Сөз кооперациялык байланыштарды өнүктүрүү жана алты жылдын ичинде Россиянын чийки заттык эмес экспортун эки эсе көбөйтүү жөнүндө болду. Тегерек столдун катышуучулары коюлган маселени кандайча натыйжалуу аткаруу керектигине жана экспортту колдоонун кайсы механизмдери буга көмөк болушу мүмкүн экендигинине жооп берүүгө аракеттенди.

ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина аларды ишке ашыруу аркылуу Комиссия белгиленген максаттарга жетүүдө өз салымын кошушу мүмкүн болгон иштин бир нече багытын бөлүп көрсөттү.

ЕЭК министри жагымдуу соода режимдерин белгилөөнүн эсебинен тышкы рынокторго кирүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча тутумдук шарттарды түзүүнү биринчи кезекте белгиледи. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар бир экспорттоочусу бул режимдерден пайдаланышы мүмкүн. Андан тышкары, Бирликтин өндүрүүчүлөрүнүн коромжуларын төмөндөтүүгө багытталган комплекстүү тышкы соодалык жөнгө салуу, анын ичинде импорттук тарифти кеңейтүүнү иш жүзүндө ишке ашыруу, Бирликте өндүрүш технологиясын жакшыртуу жана продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн өндүрүштүк жабдууларга жана чийки заттарга алымдарды төмөндөтүү, бажылык кагаз жазууларды жөнөкөйлөтүүгө багытталган бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү чараларынын комплекси жана бажы контролунун тобокелдиктерине багытталгандык маанилүү роль ойнойт. Мында товардык экспорттун өсүшүн колдоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун, мисалы транспорттук жана каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун өнүктүрүү, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарыл.  

«Биздин урунттуу аспап – өнөктөштөрдүн рынокторуна жетүү боюнча кыйла сезилээрлик натыйжа берүүчү соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууларды же эркин соода жөнүндө макулдашууларды түзүү, – деди Вероника Никишина. – Соода үчүн тоскоолдуктардын төмөнкү деңгээли менен мүнөздөлгөн товар өткөрүүчү коридорлорду түзүү экспорттун тутумдук көбөйүшүнө көмөк көрсөтөт. Жана алардан продукциянын ар кандай түрлөрүнүн экспорттоочулары пайдаланышы мүмкүн».

Вьетнам менен эркин соода жөнүндө макулдашуу колдонула баштагандан кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү дээрлик 40% га өскөн. Сооданын мүмкүн болуучу тең эместиги жөнүндө эксперттердин кооптонууларын жокко чыгарып, экспорттун жана импорттун көрсөткүчтөрү бирдей көбөйгөн.

Андан тышкары, ЕЭКтин көмөгү менен Бирликтин мамлекеттеринин экспортту колдоо үчүн жооп берген каржы институттарынын кызматташуусу жүзөгө ашырылууда.

ЕАЭБдин Өнүгүү банктарынын кеңеши иштеп, анын милдети экспортко багытталган кооперациялык долбоорлорду колдоо болуп саналат. Өткөн жылдан тартып Бирликтин өлкөлөрүнүн экспортун колдоону камсыздандыруу чөйрөсүндөгү интеграция үчүн улуттук экспорттук-кредиттик агенттиктердин өз ара аракеттенүүсү башталган.

Экспортту алга жылдыруунун дагы бир форматы болуп ЕЭК жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрү уюштурган  «Евразия жумалыгы» ар жылдык эл аралык көргөзмө форумун өткөрүү саналат. Форум Бирликтин өлкөлөрүнүн ар биринде кезеги менен өтөт, бул жылы ал 24-26-октябрда Ереванда (Армения Республикасы) болуп өтөт.