Sign In
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Евразия экономикалык комиссиясына уюмдун толук кандуу мүчөсү болууну сунуштады

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Евразия экономикалык комиссиясына уюмдун толук кандуу мүчөсү болууну сунуштады

25.06.15

24-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында (ЕЭК) ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министри) Валерий Корешков менен БУУнун Азык- түлүк жана айыл чарба уюмунун Башкы директору  (БУУ ФАО) Жозе Грациану да Силва менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга БУУ ФАО Европа  жана Борбордук Азия боюнча Аймактык бюросунун жетекчиси Владимир Рахманин, БУУ ФАО Россия менен байланышуу үчүн бөлүмүнүн жетекчиси Игорь Щербак, Россиянын ТИМ кызматкерлери, ЕЭКтин Санитардык жана фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин жетекчиси Олег Арнаутов, ЕЭКтин Агро өнөр жай саясат департаментинин жетекчиси Роман Ромашкин катышышты.

Валерий Корешков Комиссияда БУУ ФАО менен кызматташууга өзгөчө маани бериле тургандыгын  билдирди. Бул Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) эл аралык стандарттар, колдонмолор жана сунуш-көрсөтмөлөр менен келишимдик укуктук базасын шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Бирлик үчүн ФАОнун органикалык айыл-чарбаны, урук өстүрүүнү өнүктүрүү, ири мүйүздүү малды асыроодо колдонулуучу геномдук  селекция жана баа берүү ыкмасын унификациялоо, тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууда тобокелдиктерге баа берүү системасын калыптандыруу, малдан алынган продукцияларды идентификациялоо, каттоо жана көз салуу системасын өркүндөтүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын, фитосанитардык коопсуздугун  камсыз кылуу боюнча иши кызыгуу жаратат.

Жозе Грациану да Силва ЕЭК менен ФАОнун евразия аймагын өнүктүрүү үчүн кызматташтыгынын актуалдуулугун белгилеп, ЕЭК кызматкерлеринин ФАО тарабынан өткөрүлгөн семинарларда катышуусунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Мындан тышкары, ал Москвада жана Арменияда ФАО менен байланышуу үчүн офистердин ачылгандыгы, Кыргызстанда жана Арменияда уюмдун ишинин дагы кеңейтилгендиги тууралуу айтып берди.

Мурдагы жолугушууда Тараптар кызматташтыктын биринчи  кезектеги багыттары тууралуу белгилешти:

 - органикалык айыл-чарба, урук өстүрүү, ири мүйүздүү малды асыроодо колдонулуучу геномдук  селекция жана баа берүү ыкмасын унификациялоо жагында кызматташтык;

 - тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууда тобокелдиктерге баа берүү ыкмасын колдонуу;

 - тамак-аш азыктарынын коопсуздугу тууралуу маалыматты эсепке алуу жана жыйноо методологиясын түзүү;

 - малдан алынган продукцияларды идентификациялоо, каттоо жана көз салуу системасын өркүндөтүү максатында тажрыйба алмашуу;

 -эл аралык соодалашуу  процессинде аймактардын фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу;

 - маалымат алмашуу жагында кызматташуу;

Жозе Грациану да Силва Евразия экономикалык комиссиясына БУУ ФАО мүчөсү болуу жөнүндө маселени карап көрүүнү сунуш кылды. Анын сөзү боюнча, бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча глобалдуу көйгөйлөрдү жана климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу  келип чыккан маселелерди чечүүдө ар кандай өлкөлүк ыкмаларды унификациялоого өбөлгө түзмөк.

Маалымат

БУУ (ФАО) Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FoodandAgricultureOrganization, FAO) – Бириккен Улуттар Уюмунун патронаты алдындагы эл аралык уюм. ФАО БУУ тутумунда алдыңкы түзүм болуп саналат жана айыл аймактарын жана айыл-чарба өндүрүшүн өнүктүрүү көйгөйлөрү менен алектенет. ФАОнун курамы 197 мүчөдөн турат: 194 мүчө мамлекет, 1- мүчө уюм (Европа бирлиги) жана 2 ассоциацияланган мүчө. Учурда Евразия экономикалык комиссиясы БУУ ФАОдо байкоочунун статусуна ээ.