Sign In
ЕАЭБ - ЕС: европалык жаш экономисттер жана саясат таануучулар кызматташтыкка чакырышат

ЕАЭБ - ЕС: европалык жаш экономисттер жана саясат таануучулар кызматташтыкка чакырышат

25.07.17

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европа союзунун (ЕС) ортосунда расмий өнөктөштүк байланыштарды тезирээк орнотуу зарылчылыгы жөнүндө идея “Ири Европанын жолугушуулары” 5-эл аралык жаштар форумунун көңүл чордонунда болду. Аталган форум 24-25-июлда Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) жана А.М. Горчаков атындагы Ачык дипломатияны колдоо фондунун демилгеси жана бир катар ири француз компанияларынын колдоосу менен өткөрүлгөн. 

Форумга Франциянын жана ЕСтин башка өлкөлөрүнүн алдыңкы университеттеринин студенттери жана мугалимдери, европалык жаш экономисттер жана саясат таануучулар, Россия Федерациясынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Александр Орлов, Россиянын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Александр Кузнецов катышышты.

Форумду ачуу аземинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая сөз сүйлөдү. Ал акыркы беш жылда болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн контекстинде Ири Европа долбоорун кайра карап чыгуу идеясы менен бөлүштү, ЕАЭБти түзүү Ири Европанын перспективасына кандай таасир тийгизгендиги туурасында айтып берди.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ жана ЕС бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ийгиликтүү, толук кандуу экономикалык биримдиктердин мисалы болуп эсептелет, алардын ортосундагы кызматташтык зарылчылыгы айкын, өз ара пайдалуу жана Евразия менен Европанын элдеринин жана экономикаларынын өз ара мамилелеринин көп жылдык тарыхына таянат. Татьяна Валовая чектөө чаралары жана санкциялар менен алмашуу бир тарапка оң таасир алып келбегендигин жана товар айланымынын агымын гана өзгөрткөндүгүн белгилеп өттү. Мисалы, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБтин Азиядагы мамлекеттерден (АТЭС өлкөлөрүнөн) импорту биринчи жолу ЕСтен импорттон ашкан.   Быйылкы жылы тренд сакталууда, жана ажырым дагы олуттуураак болушу мүмкүн.

“Убакыт ордунда турбайт. Ири Европа долбоору талкуулоо стадиясында турганча, экономикалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык логикасы бизди континенталдык евразиялык өнөктөштүктү - ЕАЭБтин жана ЕСтин гана эмес, Азиянын жана Латын Америкасынын улуттук экономикаларынын жана аймактык бирикмелеринин - соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы кооперациялык тизмегине кызыкдар бардык жактардын катышуусу менен мурдагыдан кеңири интеграциялык контурду - калыптандыруу идеясына чыгарды”, - деп билдирди Татьяна Валовая. 

Форумду ачуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, жогорку деңгээлдеги эксперт, ЕС Кеңешинде Франциянын төрагалыгынын мурдагы Башкы катчысы, Франциянын Россиядагы мурдагы Элчиси Клод Бланшмезон Европа жана Евразия экономикалык комиссияларынын ортосунда иштердин бардык жалпы багыттары боюнча расмий байланыштарды тезирээк калыбына келтирүү керектигин айтып өттү. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, расмий байланыштардын жана системалык диалогдун жоктугу эки тарап үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдүн жана убакыттын жоготуусуна алып келет.

ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министринин жардамчысы Федор Черницын ЕАЭБ жана Ес кызматташтыгынын тарыхый, укуктук жана экономикалык аспектилери туурасындай дарс менен чыгып сүйлөдү. Евразия экономикалык биримдигинин максаттары жана милдеттери, анын азыркы абалы жана өнүгүү пландары, эл аралык иштери туурасында баяндоодо Федор Черницын Европа биримдиги жана Европа Комиссиясы менен тике параллелдерди жүргүздү. “Иштердин абалы туурасында маалыматты билсе, өз ара иштешүүдөн качуу логикалуу эмес, конструктивдүү эмес жана өз убагында эмес экенин так көрүүгө болот. Биз келечекти биргелешип пландаштырууга даярбыз жана ушундай эле кадамды өнөктөштөрүбүздөн күтөбүз”, - деп билдирди Черницын.  Дарстан кийин ЕЭК министринин жардамчысы аудиториянын европа-евразиялык диалогду жөнгө салуунун жана колдоонун мүмкүн болгон жолдору жана каналдары туурасында көп сандаган суроолоруна жооп берди. 

ЮНЕСКО эгидасы алдында, Франциянын борбор шаарында өткөн эл аралык форумда евразиялык тематиканы талкуулоо ЕАЭБ - ЕС форматында мамилелерди институционалдаштырууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө Европанын эксперттик, илимий жана ишкер чөйрөлөрүнүн калыптанып жаткан суроо-талабынын кезектеги күбөлүгү болду.