Sign In
ЕЭК Тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бир түрдүү укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү иштеп чыгууда

ЕЭК Тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бир түрдүү укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо жөнүндө сунуш-көрсөтмөнү иштеп чыгууда

25.04.16

22-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары Комиссиянын Коллегиясынын “Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен соодалашуусунда бир тараптуу тартипте киргизген жана колдонгон тарифтик эмес жөнгө салуунун убактылуу чараларын сактоону көзөмөлдөөдө бир түрдүү укук колдонуу тажрыйбасын камсыздоо жөнүндө” сунуш көрсөтмөсүнүн долбоорун талкуулашты. Отурум ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр)  Мукай Кадыркуловдун төрагалыгы алдында өттү.

Отурумга Комиссиянын эксперттери, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Отурумдун катышуучулары Сунуш-көрсөтмөнү иштеп чыгуу зарылчылыгына макул болушту. Ошондой эле ЕЭКтин эксперттери тарабынан сунушталган долбоорду Тараптардын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору жана Комиссиянын департаменттери менен чогуу кошумча иштеп чыгууну сунушташты. Документтин жеткире иштелип чыгарылган долбоору аныкталган тартипте Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна чыгарылат.

Ошондой эле отурумда Биримдик өлкөлөрү бажы иштери чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн жактардын реестрлерин түзүү, жүргүзүү жана колдонуу жагында бажы иштеринин жалпы процесстерине кошулуусуна байланыштуу маселелер талкууланды.  Консультативдик комитеттин Төрагасынын орун басары, Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Владимир Скиба отурумдун катышуучуларын ички жана тышкы сооданын интеграцияланган маалыматтык системасынын каражаттарын колдонуудагы жалпы процесстерде маалыматтык өз ара иштешүүнү регламенттеген технологиялык документтерди бекитүү жөнүндө; ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы органдары тарабынан бажы өкүлдөрүнүн, бажы  жүк ташуучуларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрин жүргүзүүсү жөнүндө; Биримдик мамлекеттеринин бажы органдары тарабынан жүргүзүлгөн реестрлердин негизинде Евразия экономикалык комиссиясы  бажы өкүлдөрүнүн, бажы  жүк ташуучуларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин жалпы реестрин түзүүсү жана жарыялоосу жөнүндө маалымдады.

Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин жыйырма сегизинчи отурумун өткөрүү 2016-жылдын 1-июнуна пландаштырылган.