Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Грек Республикасынын жетекчилиги менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Грек Республикасынын жетекчилиги менен жолугушту

26.01.17

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Грек Республикасынын Президенти жана Премьер-министри менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө ЕАЭБ жана Грециянын ортосунда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды. Тигран Саркисян европалык өлкөлөрдүн жетекчиликтери менен тике диалог Евразия жана Европа биримдиктеринин өз ара мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенет.
ЕАЭБтин жана Грециянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жана Грек Республикасынын Премьер-министри Алексис Ципрастын жумушчу жолугушуусунун ортосунда талкууланды.

Алексис Ципрас билдиргендей, Греция Европа биримдиги менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди орнотууга колдоо көрсөтөт. Экономикалык өнүктүрүү мамилелерин кеп кылууда Алексис Ципрас “Греция - ЕАЭБ” бизнес-форумун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, форум “биздин өлкөлөрдүн соода жана өнөр жай байланыштарын өнүктүрүү үчүн жаңы горизонтторду ачат” деди. 

“Греция ЕАЭБтин салттуу соода өнөктөшү болуп саналат, - деп белгиледи Тигран Саркисян. - Анткени менен грециялык бизнесмендерде азыр Евразия экономикалык биримдиги менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда.  ЕЭК жүргүзүп жаткан иш бирдиктүү техникалык регламенттер каралган, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылы үчүн эч кандай тоскоолдуктарсыз жалпы рынокту түзүүгө мүмкүндүк берди. 180 миллиондон ашык калкы бар аймакта, бардык өлкөлөр үчүн жаңы Бажы кодекси иштей баштады, демек, биздин чет элдик өнөктөштөр иш жүргүзүү үчүн мейкиндик жана өзүнүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн натыйжалуу пландаштыруу үчүн мүмкүнчүлүк алышат”. 

Грек Республикасынын Президенти Прокопис Павлопулос менен жолугушууда Тигран Саркисян Грециянын жетекчилигин ЕБ жана ЕАЭБ ортосунда тике диалогду түзүү боюнча так жана бир маанилүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.  

Өз кезегинде Прокопис Павлопулос грециялык тарап евразиялык интеграциялык процесске чоң ынтызарлык менен көңүл буруп келгенин белгиледи. “Биз Евразия жана Европа биримдиктеринин ортосунда диалог түзүү абдан маанилүү жана ЕБ жана Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин ортосунда эки тараптуу мамилелердин форматына да оң таасирин гана тийгизет деп эсептейбиз”, - деп эсептейт Прокопис Павлопулос. 

Тышкы иштер министринин орун басары Георгис Катругалос менен жолугушуу учурунда грециялык тарап Грек-Евразия кеңешин түзүүнү сунуштады, анын алкагында ЕАЭБ жана Грециянын ортосунда экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн практикалык маселелери талкууланмакчы. Тигран Саркисян бул демилгени колдоду жана ЕЭК тарабынан бул маселе тез арада иштелип чыгарылат деп ишендирди.