Sign In
ЕАЭБте өсүмдүктөргө карантин боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин Кеңеши түзүлөт

ЕАЭБте өсүмдүктөргө карантин боюнча ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин Кеңеши түзүлөт

25.03.15

24-мартта Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин өсүмдүктөргө карантин боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарларынын кеңешмесинде ЕЭК Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору Олег Арнаутовдун төрагалыгы менен аталган органдардын жетекчилеринин Кеңешин түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Кеңешмеде Армениянын Айыл чарба министрлигинин Мамлекеттик азык заттардын коопсуздугу кызматынын фитосанитардык инспекциясынын башчысы Артур Никоян, Беларустун «Үрөн чыгаруу, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспекция» МБ Өсүмдүктөргө карантин боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Александр Павлович, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай комплексиндеги мамлекеттик инспекция комитетинин төрагасынын орун басары Марс Алмабек, Росайылчарбакөзөмөлдүн Фитосанитардык көзөмөл, үрөнгө көзөмөл жана дандын сапаты башкармалыгынын башчысынын орун басары Максим Гниненко, ЕЭК өкүлдөрү катышышты.

Кеңешменин катышуучулары тышкы жана өз ара соодада фитосанитардык чараларды колдонуудагы карантин боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун зарылдыгына байланыштуу Кеңештин түзүлүшүнүн актуалдуулугун моюнга алышты. Комиссия даярдаган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Өсүмдүктөргө карантин боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү тууралуу Жобонун долбоору колдоого ээ болду.

Ошондой эле ЕАЭБке карантин алдындагы өндүрүмдү ташып кирүү, анын Бирликтин бажы аймагы боюнча ташылышына байланышкан көйгөйлүү маселелер каралды. Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашырууда Бирликке ташып кирилип жаткан карантин алдындагы өндүрүмдү коштогон жасалма фитосанитардык тастыктарды аныктай турган механизмди иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу колдоого алынды. Болгон кайчы пикирлерди жөнгө салуу боюнча консультацияларды улантуу жөнүндө келишимге келүү ишке ашты.

Иш-чаранын катышуучулары өсүмдүктөргө карантин боюнча улуттук маалымат тутумдарын колдонуу менен маалымат алмашуу механизмин өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгилешти, ал Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда фитосанитардык тастыктарды берүү боюнча дайын алмашуу формаларын жана көрсөткүчтөрүн аныктоону талап кылат. Кийин ЕАЭБ Интеграцияланган маалымат тутуму түзүлмөкчү.

Мындан тышкары, «Бүткүл россиялык өсүмдүктөргө карантин борбору» ФМБМ базасында Армения, Беларусь жана Казакстандын ыйгарым укуктуу органдарынын карантиндик фитосанитария көзөмөл кызматкерлерин кошумча окутууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды.Жыйынтыгында кеңешменин катышуучулары «Зыяндуу организмдер келтирген потенциалдуу экономикалык зыянды баалоонун бирдиктүү усулдарын иштеп чыгуу» илимий изилдөө ишинин актуалдуулугун баса белгилеп, аны 2015-2016 жылдарга карата Илимий изилдөө иштеринин планынын долбооруна кошуунун максатка ылайыктуулугун айтышты.