Sign In
ЕЭКте ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитет түзүлөт

ЕЭКте ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитет түзүлөт

26.05.15

25-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда өнөр жай саясаты жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды.

Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин курулуш материалдарын өндүрүү чөйрөсүндө, анын ичинде цемент жана айнек өндүрүүдө кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө” ЕЭК Кеңешинин сунуштарын жактырды. Документ ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти Бирлик өлкөлөрүндө аталган тармактын абалына жана өнүгүүсүнө жүргүзгөн талдоосунун негизинде даярдалды. Сунуштар аталган чөйрөдө кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнөр жай кооперациясын тереңдетүүгө, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өлкөлөрүндө бул тармакта болгон жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Мындай көйгөйлөргө мисалы, цемент өндүрүү боюнча кубаттардын көптүгү, Бирликтин рыногунда начар сапаттагы импорттук цементтик продукциянын болушу, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүшүндө энергия көп талап кылынышы, буга байланыштуу бул продукциянын наркынын жогору болушу кирет.

Сунуштарды жүзөгө ашыруунун натыйжасында ишканалардын туруктуу өнүгүүсү камсыздалып, андан тышкары курулуш материалдар продукцияларын сатуу үчүн, анын ичинде экспорттук тапшыруулар үчүн оптималдуу транспорттук-логистикалык тутум түзүлөт. Документтин жоболорун ишке ашыруу келечекте бул тармактын өндүрүштүк кубаттуулугун өнүктүрүүгө, чыгарылган продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана аларды сатуу рыногун кеңейтүүгө, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда сатууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Коллегия Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитет түзүү жөнүндө чечим кабыл алып, бул Комитет жөнүндө Жобону бекитти. Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тийиштүү чечим кабыл алганга чейин Консультативдик комитеттин төрагасынын милдеттери ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковго жүктөлгөн.

Комитет ЕЭКтин бирлик өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясат жүргүзүү боюнча консультативдик органы болуп калмакчы. Бул саясат ЕАЭБ мамлекеттеринде керектөөчүлөрдүн укуктарын чарбакер субъекттердин нысапсыз ишмердүүлүгүнөн коргоонун бирдей шарттарын калыптандырууга, бул тармакта ыйгарым укуктуу органдардын өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн чараларды колдонуу боюнча ЕЭК үчүн сунуштарды даярдоого багытталган.

Комитеттин негизги милдеттери:

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө макулдашылган саясат жүргүзүүдө бирдиктүү ык-амалдарды калыптандыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын өз ара иштешүүсү боюнча сунуштарды даярдоо;

- мүчө мамлекеттер үчүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө Комиссиянын сунуштарынын долбоорлору боюнча сунуштарды даярдоо;

- консультацияларды өткөрүүнүн алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында башка маселелерди кароо.