Sign In
Экономиканын санариптик трансформациясы, инновацияларды жайылтуу жана тоскоолдуктарды четтетүү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизги темалары болду

Экономиканын санариптик трансформациясы, инновацияларды жайылтуу жана тоскоолдуктарды четтетүү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизги темалары болду

26.05.17

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 26-майда Казанда өттү (Россия Федерациясы). Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) беш өлкөсүнүн премьер-министрлери интеграциялык процесстерди тереңдетүү, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү үчүн маанилүү бир катар маселелерди, Биримдиктин санариптик күн тартибин жана өзөктүү тармактарда илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди колдоо аркылуу инновацияларды жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.  

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) адилет атаандаштыктын ченемдерин жана эрежелерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген жаңы ыйгарым укуктарды алды, ошол эле учурда ал эң маанилүү ишканалар жана өнөр жайдын тармактары үчүн колдоону камсыздайт.  

Отурумга Армения Республикасынын Премьер-министри Карен Карапетян, Беларусия Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казахстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков белгилеп өткөндөй, “ички тоскоолдуктарды четтетүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өсүшүнүн жана биргелешкен интеграцияны тереңдетүүнүн катализатору болуп эсептелет”.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын пикири боюнча, ЕАЭБтин өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышын констатациялоого болот. Бул эки жаңы маанилүү багыттар боюнча планга негизделген иштердин башталышы менен байланыштуу - экономикалык мейкиндиктин алкагында тоскоолдуктарды, кедергилерди жана чектөөлөрдү четтетүү жана экономиканы санариптештирүү. “Бизнес бизден бул маселелердин тезирээк чечилишин талап кылууда”, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.  Мындан тышкары, Тигран Саркисян “жалпы рынокторду түзүү менен биз кооперацияны тереңдетүүгө умтулушубуз керек, анын ичинде Биримдик глобалдык экономикада күчтүү экспорттук потенциалы бар интеграциялык бирикме катары позициялана алышы үчүн” деп баса белгиледи.

2017-2018-жылдары тоскоолдуктарды четтетүү боюнча “жол картасы” Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отурумуна чейин иштелип чыгарылат.  Аны аткаруу ишкердик жигердүүлүктү өбөлгөлөйт жана төрт “эркиндик” принцибин жүзөгө ашырууну камсыздайт. 

Мамлекеттик сатып алууларга жеткиликте басмырлоого жол бербөө жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө салык салуунун басмырлоочу формалары менен күрөшүү боюнча ишке өзгөчө көңүл бөлүнөт. ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технология боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян белгилеп өткөндөй, жергиликтүү ишканалар айрым жыйымдарды төлөөдөн бошотулуп, ал эми ошол эле учурда Биримдиктин башка мамлекеттеринин ишкерлери азык-түлүк продукцияларын жана өнөр жай товарларын киргизүүдө тигил же бул төлөмдөрдү негизсиз төлөп жаткан тажрыйбадан алысташыбыз зарыл.

ЕАЭБте санариптик трансформациянын программасы иштелип чыгарылат. Бул Биримдиктин постиндустриалдык экономикасын түзүүнү тездетет.

Жылдын аягына чейин 2025-жылга чейин Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун негизги багыттары даярдалат. Экономиканы санариптештирүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берген төрт өзөктүү өнүктүрүү векторлору аныкталган. Кененирээк https://goo.gl/WwJxu8 шилтемеси аркылуу окуңуз. Бул программаны жүзөгө ашыруу үчүн жеке-мамлекеттик өнөктөштүк механизмин колдонуу сунушталат.


Бул чөйрөдө биринчи сынамык долбоорлордун бири Биримдиктин бүтүндөй мейкиндигинде айкындыкты жана көзөмөлдүктү камсыздай турган, бир катар товарларды жана өнүмдөрдү маркировкалоо системасы болушу мүмкүн.

Премьер-министрлер ЕЭКтинКомиссиянын ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына таасир тийгизе ала турган чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону (ЖТБ) өткөрүү мониторинги жөнүндө отчетун жактырышты.   

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрүнө 2016-жылы ЕЭКтин ишкердик жана эксперттик коомчулуктар менен өз ара иштешүүсүнүн натыйжалуулугу жөнүндө маалымат сунушталды. Өткөн жылы Комиссиянын ачык талкуудан өткөн 34 чечим долбоору боюнча, бизнес өкүлдөрү жана эксперттер  268 эскертүү жана сунуш киргизишкени белгиленди.  Алардын 210 (жалпы сандан 78,4%) кийинки иште эске алынган. 

Мындан тышкары, мониторингдин алкагында Комиссиянын чечим долбоорлорунун ишкерлер үчүн ашыкча чектөөлөр же тыюу салуулар каралган пункттарын же жоболорун аныктоого баа берилди, алар бизнестин негизсиз чыгымдарына жана административдик коромжуларына алып келишет, ошондой эле Биримдиктин аймагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жаратышат.

Комиссия премьер - министрлерге “бирдиктүү терезе” эффективдүү механизмин Биримдик өлкөлөрүндө түзүү иштери тууралуу маалымдады.бул бизнестин администативдик чыгымдарын азайтып, тышкы соода ишин жеңилдетет№


ЕАЭБтин бардык мамлекеттеринде “бирдиктүү терезе” системасынын айрым элементтери жүзөгө ашырылган, мисалы, электрондук декларациялоо же е-лицензиялоо, ошондой эле ведомстволор аралык маалыматтык система иштейт. Алар ишкерлердин бийлик органдары менен өз ара иштешүүсүн жеңилдетет. Анткени менен бул  иштин бир бөлүгү гана. 

Бул маселени талкуулоонун жыйынтыктары боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү “бирдиктүү терезе” механизмин калыптандыруу боюнча ишке бизнести жигердүү тартууну, электрондук документтерди колдонууга өтүүнү тездетүүнү, тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон документтерди унификациялоо жана өз ара таанууну камсыздоону сунушташты.

ЕАЭБда өнөр жай товарларына карата спецификалык субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу боюнча келишимге кол коюлду. Документти ишке ашыруу үчүн ЕЭК жаңы ыйгарым укуктарды алат.


Макулдашууга ылайык, ЕАЭБтин тигил же бул ишканаларга же өз экономикасынын тармактарына субсидияларды берүүнү каалаган мүчө мамлекети бул чечимди макулдоо өтүнүчү менен ЕЭКке кайрыла алат.

Эгерде Комиссия мындай субсидияларды берүү аныкталган критерийлерге жооп берет деп чечсе, Биримдиктин башка өлкөлөрү компенсациялоочу чараларды киргизүүнү талап кыла алышпайт.

Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрү эгерде Биримдиктин бир мамлекетинде аларга экономикалык зыян тийгизген субсидиялар берилсе, Комиссияга териштирүү жүргүзүү үчүн кайрыла алышат. ЕЭК чечимдери аткаруу үчүн милдеттүү.

Комиссиянын иш тажрыйбасына мындай процедураларды киргизүү тигил же бул ишканаларды жана тармактарды колдоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун айкындуулугун жана негиздүүлүгүн жогорулатат, адилеттүү атаандаштыктын ченемдерин жана эрежелерин түзүүгө өбөлгө берет. 

АӨК чөйрөсүндө биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди уюштуруу тартиби Өкмөттөр аралык  кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Биргелешкен иштеп чыгуулар - изилдөө же конструктордук иштерге Биримдиктин экиден кем эмес мүчө мамлекеттери катышуусу.


Документ Биримдик өлкөлөрүнүн илимий институттары жана ишканаларынын ортосунда кооперациялык байланыштарды кеңейтүүгө, агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, технологиялардын жана инновациялардын трансферин камсыздоого мүмкүндүк берет, бүтүндөй Евразия экономикалык биримдигинин алкагында илимий-техникалык өнүгүүнүн стратегиясын түзүүгө өбөлгө түзөт.

Биргелешкен долбоорлордун тизмеси ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлөт. Азыркы учурда Комиссияда АӨКтү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык келген биринчи сунуштар талкууланууда. 2020-жылга чейинки мезгилге 14 артыкчылыктуу темалар боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин тизмеси аныкталган, аларга өсүмдүк өстүрүү жана мал багуу, аквакультура, ветеринария ж.б. багыттар боюнча темалар камтылган. 

ЕАЭБ өлкөлөрүндө улуттук калк каттоо жүргүзүүнү жана ага даярдык көрүүнү камсыздаган тескемелер кабыл алынды. Бул калкты каттоону жүргүзүүнүн колдонулуп келе жаткан методологияларын жакындаштырууга, дайындарды туура салыштырууну камсыздоого жана Биримдик өлкөлөрүнүн коомунун өнүгүүсүнүн тенденцияларын жана экономикаларынын абалын аныктоого мүмкүндүк берет. 

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму 14-августта Астанада өтөт (Казакстан Республикасы).