Sign In
Виктор Назаренко: "Аккредиттөө жана техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын мамлекеттик контролдоо органдарынын биргелешкен иши ЕАЭБдин рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет"

Виктор Назаренко: "Аккредиттөө жана техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын мамлекеттик контролдоо органдарынын биргелешкен иши ЕАЭБдин рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоону күчөтүүгө мүмкүндүк берет"

26.06.20

ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко катышкан төртүнчү отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде шайкештикти баалоо жаатындагы аккредиттөөнүн мыктыланышын эске алуу менен ички рынокту коопсуз эмес товарлардан коргоонун перспективалары талкууланды.

 

Шайкештикти баалоонун натыйжаларына ишенимди жогорулатуу жана бул чөйрөдөгү документтерди негизсиз берүүнүн алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүндү.

 

"Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди негизсиз берүүгө жана каттоого каршы аракеттенүү милдеттерин Комиссия биринчи кезектеги милдеттер деп эсептейт", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.

 

Виктор Назаренко белгилеп өткөндөй, ЕЭКти рынокто "көмүскө" сертификаттардын болушу тынчсыздандырууда. Коронавирус пандемиясынан улам белгиленген чектөөлөрдүн шарттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн шайкештикти баалоо боюнча органдары сериялуу чыгарылуучу чет элдик продукцияга сертификаттарды массалык түрдө берүү менен, үчүнчү өлкөлөрдөгү өндүрүштү талдоонун "айласын табышууда". Комиссия мындай сертификаттоо боюнча органдардын ишмердигине Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын, анын ичинде укук коргоо органдарынын назарын бурат. Ошону менен бирге алар тараптан үзүрлүү чаралар кабыл алынбай жатат.

 

"Аккредиттөө боюнча органдардын жана техникалык регламенттердин аткарылышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын биргелешкен координацияланган иши гана сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо жүргүзүү лабораторияларынын, даярдоочу ыйгарым укук берген жактардын нысапсыз ишмердигин өз убагында аныктоого жана токтотууга мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБдин рыногун коопсуз эмес продукциянын келип түшүүсүнөн коргоого гана эмес, Бирликтин өлкөлөрүндөгү улуттук сапат инфраструктураларынын өнүгүшүн камсыз кылууга, тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга да жардам берет", – деп Виктор Назаренко корутундулады.

 

Аккредиттөө боюнча улуттук органдардын жетекчилери өлкөлөрдө, ЕЭК Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 Чечими менен жана улуттук мыйзамдар менен белгиленген кошумча критерийлерди эске алуу менен, Бирликтин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүктөрүн актуалдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу маалымдашты.

 

Отурумдун катышуучулары Жетекчилер кеңешинин 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш планынын долбоорун талкуулашты. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча эксперттерге жана техникалык эксперттерге коюлуучу талаптарды орнотуу жагындагы мыйзамдарын мыктылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, шайкештикти баалоо боюнча органдардын чөйрөлөрүн түзүү маселелерин, ошондой эле аккредиттелген жактардын ишмердигине даттанууларды кароо жол-жоболорун камтыйт.

 

"Интеграциялык бирикме катары Евразия экономикалык бирлиги үчүн ага ЕАЭБ өлкөлөрү гана эмес, биздин КМШ боюнча өнөктөштөрүбүз да кошулуусу мүмкүн болгон аккредиттөө боюнча регионалдык уюмдун түзүлүшү чоң мааниге ээ," – деп баса белгиледи Виктор Назаренко.

 

Келээрки жылда мүчө мамлекеттердин аккредиттөө боюнча уюмдары тарабынан өткөрүлүүчү өз ара салыштырма баалоолордун натыйжалары ЕАЭБдин аккредиттөө боюнча регионалдык уюмун түзүүнүн негизи болуп калууга тийиш.

 

Улуттук аккредиттөө тутумдарын өркүндөтүүнүн аспабы болуп саналган өз ара салыштырма баалоолордун ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча органдары тарабынан ишке ашырылышынын бирдиктүү тартибин аягына чыгара иштеп чыгууну тездетүү, мүчө мамлекеттерде колдонулуучу жол-жоболордун бирдей маанилүүлүгүнө жетишүү жана аны ушул жылдын август айында өткөрүлүүчү кезектеги отурумда кароо жөнүндө келишкендикке жетишилди.

 

ЕЭКтин аталган тартипти бекитүү боюнча тийиштүү ыйгарым укуктары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 1-декабрында өткөрүлгөн отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган, учурда мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүп жаткан, Бирлик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго киргизилген.

 

Маалымат 

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2018-жылдын 14-майындагы № 5 Чечими менен Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди ишке ашыруунун алкагында техникалык жөнгө салуу жаатындагы аккредиттөөнү өнүктүрүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы катары түзүлгөн. Бул өлкөлөрдүн улуттук аккредиттөө тутумдарын өркүндөтүү боюнча ишмердигин координациялоо, шайкештикти баалоо боюнча органдарга жана сыноо жүргүзүү лабораторияларына коюлуучу талаптарды шайкеш келтирүү жана шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин негизсиз берилишине каршы аракеттенүү үчүн маанилүү окуя болуп калды.

2020-жылда ЕАЭБ мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин төрайымы Беларусь Республикасынын аккредиттөө боюнча органынын жетекчиси, "Беларусь мамлекеттик аккредиттөө борбору" Республикалык унитардык ишканасынын директору Татьяна Николаева болуп саналат.