Sign In
ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасын түзүүнү баштады

ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасын түзүүнү баштады

26.09.16

20-22-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директору Арман Шаккалиевдин төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасын түзүү жана жүргүзүү боюнча иштерди координациялоо боюнча жумушчу топтун жана Биримдикте медбуюмдардын айланымын жөнгө салууга карата жалпы ык-амалдарды түзүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Жумушчу топтордун отурумдарына ЕАЭБ мамлекеттеринин саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация, маалымат технологиялары, өнөр жай саясаты департаменттеринен Комиссиянын кызматкерлери катышышты.

Медбуюмдардын номенклатурасы боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрү өздөрүнүн биринчи отурумун өткөрүштү. Анда бул топ жөнүндө жобонун, Биримдиктин медбуюмдар номенклатурасынын паспортунун долбоорлору, ошондой эле ЕАЭБ алкагында ЕЭК жана медициналык буюмдар номенклатурасынын операторунун ортосунда маалыматтык өз ара иштешүүнү уюштуруу боюнча техникалык чечимдер талкууланды. ЕЭК Коллегиясынын буга чейин кабыл алынган чечимине ылайык, оператор катары саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө көзөмөл боюнча россиялык Федералдык кызмат аныкталган.

Евразия экономикалык биримдигинин медициналык буюмдар номенклатурасынын толук версиясынын прототибин Комиссиянын сайтында “Медициналык буюмдардын жалпы рыногун түзүү” бөлүмүндө жарыялоо пландаштырылат.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактарында адамдардын жашоосуна жана (же) саламаттыгына коркунуч жараткан сапатсыз, контрафакттык же фальсификацияланган медицина буюмдарын колдонууну токтотуу же тыюу салуу жана аларды айланымдан алып коюу боюнча чараларды ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары колдонуусунун тартибинин долбоорун карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча “контрафакттык медициналык буюм” аныктамасын тактоо жөнүндө чечим кабыл алынды.  Мындан тышкары, Аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында медициналык буюм коопсуздуктун жана натыйжалуулуктун жалпы талаптарына шайкеш келүүсү толук же жартылай камсыздалган стандарттардын тизмесин түзүү тартибинин долбоору каралды.