Sign In
ЕЭК вьетнам күрүчүнө тарифтик квоталарды белгиледи жана индиялык электроддорго демпингге каршы чараны узартты

ЕЭК вьетнам күрүчүнө тарифтик квоталарды белгиледи жана индиялык электроддорго демпингге каршы чараны узартты

26.09.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 25-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн тышкы соода чөйрөсүндөгү маселелери каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы 2019-жылга карата Вьетнамдан келген узун дандуу күрүчкө тарифтик квоталарды белгилеп, Индиядан келген графиттелген электроддорго карата демпингге каршы чаранын аракетин узартты.

ЕЭК Коллегиясы Вьетнам Социалисттик Республикасынан келген узун дандуу күрүчтүн айрым түрлөрүнө  2019-жылга карата тарифтик квоталарды белгиледи, ал Вьетнам менен ЕАЭБнын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында бажы алымынын нөлдүк коюмун колдонуу менен Бирликке алып келинет. Тарифтик квотанын жалпы көлөмү Макулдашууга ылайык 10 миң тоннаны түзөт.
 
Мештерде колдонула турган индиялык графиттелген электроддорго карата демпингге каршы чаранын аракетин узартуу чечими кабыл алынды. Демпингге каршы алымдын колдонулуучу өлчөмү ЕЭК Колегиясынын 2012-жылдын декабрындагы чечими менен белгиленген жана HEG Limited компаниясынын электроддоруна карата бажы наркынан 16,04%ды жана Graphite India Limited фирмасынын жана башка өндүрүүчүлөрдүн товарларына карата 32,83%ды түзөт.

2013-жылдан тартып 2016-жылга чейин колдонулуучу демпингге каршы чара Бирлик өлкөлөрүнүн экономикасынын бул тармактарында бир катар өндүрүштүк-экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга өбөлгө түздү. Атап айтканда, ЕАЭБде электроддорду чыгаруунун көлөмү 11,3%га көбөйдү, ал эми аларды Бирликтин рынокторунда сатып өткөрүүнүн көлөмү – 2,7 эсе өстү.

Ошол эле учурда кайталанган демпингге каршы чаранын териштирүүлөрүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын талдоосу чара жокко чыгарылган учурда Индиядан келген электроддордун демпингдик импортунун узартылышынын мүмкүндүгү тууралуу тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.