Sign In
«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун катышуучулары өз долбоорлорун эл аралык инвесторлорго көрсөтүштү

«Евразиялык санариптик платформалар» конкурсунун катышуучулары өз долбоорлорун эл аралык инвесторлорго көрсөтүштү

26-09-2019-12-img.jpg
26.09.19

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсунун катышуучулары 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгы – 2019» форумунун алкагындагы «IT-Инвестшоуго» чогулган тажрыйбалуу эл аралык инвесторлорго өздөрүнүн иштеп чыгууларын көрсөтүштү.

 

«Бүгүнкү «IT-Инвестшоудо» инвесторлорго жана эксперттерге беш долбоор көрсөтүлмөкчү. Бул конкурстун 2018 жана 2019-жылдардагы эң мыкты долбоорлору. Алар алардын алсыз жана күчтүү жактары жөнүндө инвесторлордун корутундуларын, ошондой эле өнүгүү боюнча сунуштамаларын алышат. «IT-Инвестшоунун» инвесторлору, өз кезегинде, кызыктуу инновациялык долбоорлор менен таанышып, ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде санариптик күн тартибинин өнүгүшүнө салымын кошо алышат. Долбоорлорубузга күчтүү өнөктөштөрдү, ал эми инвесторлорго – кызматташтыктын кызыктуу багыттарын жана «санариптин» жардамында биздин жашоону ыңгайлуураак жана жакшыраак кылган иштеп чыгууларды табууну каалайм», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Маалыматтык технологиялар департаментинин директору Хажак Караян иш-чараны ачып жатып билдирди.

 

«IT-Инвестшоудо» инновациялык долбоорлордун иштеп чыгууларын төмөнкүлөр карашты: 

 

  • Юрий Мельничек, Bulba Ventures фондунун негиздөөчүсү,

  • Олжас Альтаев, Бизнес-инкубациялоо жана акселерациялоо боюнча департаменттин директору, QazTech Ventures,

  • Тариель Кошоев, инвестициялар бөлүмүнүн жетекчиси, Central Asia Capital,

  • Аман Тентиев, Tech FARM негиздөөчүсү жана башкаруучу өнөктөшү,

  • Алексей Алексеенко, «ИТ-парк» Жогорку технологиялар тармагындагы технопарк» МАИ жетекчиси,

  • Александр Углов, Сингапур инвестициялык холдингин өнүктүрүү боюнча директор, Altergate.

 

Инновациялык долбоорлордун өкүлдөрү – конкурстун 2019-жылдагы жеңүүчүлөрү: SmartCheckE-Agro-Map, AgroStream, «ЕАЭБде онлайн соода жүргүзүү үчүн универсалдуу төлөм агрегатору», ошондой эле конкурстун 2018-жылдагы финалисти «СертЧейн» инвесторлорго өздөрүнүн долбоорлорун көрсөтүштү.

 

SmartCheck – товарлардын аныктыгын микрочиптердин жардамында текшерүү үчүн платформа. Долбоор NFC технологияларын жана борборсуздаштырылган маалыматтар базасын бириктирген, инновациялык иддеяны сунуштайт. Сервис чиптерди программалап,  маалыматты өзүнүн товарын коргоону каалаган брендге жиберет.

 

E-Agro-Map – бул фермердин электрондук айыл чарба карталары, алар талаалардын чектерин аныктоого, 33 айыл чарба өсүмдүктөрүн отургузуунун мүмкүнчүлүктөрүн баалоого, кайра иштетүүчү жана соода компаниялары менен байланыштарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

 

AgroStream – агроишкананын процесстерин башкаруу үчүн программалык чечим. AgroStream автоматташтыруусунун объектилери өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү (эгүү аянты 5 миң гектардан жогору) болуп саналат. Сервис агроишкананын ишмердигинин бардык тармактарын камтыйт: пландоо жана негизги бизнес-процесстерди контролдоодон баштап продукциянын өздүк наркын талдоо, план-факттык талдоо, талаалардын тарыхын сактоо жана ар бир талаага жана өсүмдүккө технологиялык карталарды түзүүгө чейин.

 

«ЕАЭБде онлайн соода жүргүзүү үчүн универсалдуу төлөм агрегатору» – бардык мүчө мамлекеттер үчүн соода интернет-аянтчаларына төлөм аспаптарын сунуш кылган төлөм платформасы.

 

«СертЧейн» – сертификаттардын аныктыгын коргоо жана аларды сактоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү блокчейн технологиясын пайдалануу  менен ылдам сертификаттоо үчүн web-платформа. Платформа сертификаттоого өтүнмөнү заматта берип, анын аткарылышын реалдуу убакытта көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Сертификаттоонун бардык баскычтары ачык, алар аяктаганда блокчейн технологиясын пайдалануу менен сертификат чыгарылат. Мүчө мамлекеттердин сертификаттоо рыногу 7 млрд долларга бааланат. Кийинки үч жыл ичинде «СертЧейн» долбоору ЕАЭБдин сертификаттоо рыногунун 3% ээлөөнү пландаштырууда, бул 210 млн долларды түзөт.

 

Маалымат

 

«Евразиялык санариптик платформалар» Эл аралык инновациялык долбоорлор конкурсу – Евразия экономикалык комиссиясы 2018-жылда ийгиликтүү ишке ашырган, 2019-жылы ишке ашырып жаткан жана 2020-жылы өткөрүүнү пландаштырып жаткан мамлекеттер аралык долбоор. Конкурс мүчө мамлекеттердин экономикаларынын санариптик трансформациясы жаатындагы экпертиза жана маалымат алмашуу үчүн туруктуу негизде аракеттенген эл аралык аянтча болууга багытталган. Ал консорциумдардын жана кооперациялык байланыштардын пулун түзүү боюнча катализатор болуп калууга тийиш, бул санариптик күн тартибинин ишке ашырылышын олуттуу түрдө тездетүүгө жана экономиканын көпчүлүк секторлорунда евразиялык экотутумдардын калыптанышына өбөлгө түзөт.