Sign In
ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Мамлекеттик контролдоо органдарынын төмөн активдүүлүгү ЕАЭБде кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумунун киргизилишин басаңдатууда»

ЕЭК министри Виктор Назаренко: «Мамлекеттик контролдоо органдарынын төмөн активдүүлүгү ЕАЭБде кооптуу продукция жөнүндө маалымдоо тутумунун киргизилишин басаңдатууда»

20190926160258.jpg
26.09.19

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоонун натыйжалуу тутумун түзүү – Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана мүчө мамлекеттердин негизги милдеттеринин бири. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөсү (министр) Виктор Назаренко 26-сентябрда Бишкекте «Евразия жумалыгынын» жүрүшүндө «Бирликтин техникалык регламенттерине шайкеш келбеген продукция жөнүндө маалымдоо тутуму» деп аталган тегерек столдо билдирди.

 

2018-жылы ЕАЭБде кооптуу продукция жөнүндө маалымдоонун бирдиктүү тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоор башталган. Ал Бирликтин өлкөлөрүнө бирдиктүү рынокто табылган шайкешсиз продукция жөнүндө маалымат менен алмашуу механизмин тесттик режимде колдонуп көрүүгө жана анын ЕАЭБ мейкиндигинде жүгүртүлүшүнүн алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет. 

 

Бирдиктүү техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген кооптуу продукция аныкталган учурда, мамлекеттик контролдоо органдарынын аны Бирликтин бүткүл аймагында жүгүртүүдөн алып коюуга чейинки тийиштүү чараларды колдонушу каралган.

 

Ошондой эле, долбоорлонуп жаткан тутум контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын негизсиз аракеттерине байланыштуу тоскоолдуктардын жоюлушуна шарт түзүп, керектөөчүлөргө коопсуз эмес продукция жөнүндө, анын ичинде импорттук продукция жөнүндө маалыматты өз убагында алып турууга мүмкүндүк бермекчи.

 

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев тегерек столдун катышуучуларын Комиссия Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик контролдоо органдары менен биргеликте өткөрүп жаткан, тутумду түзүү боюнча иш тууралуу маалымдады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 14 мамлекеттик контролдоо органдарынын ичинен ушул жылдын август-сентябрь айларында Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн пилоттук долбоорду тесттик эксплуатациялоодо алты гана орган катышкандыгын белгиледи. Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнө берилген тескемесине мындай мамиле анын өз убагында жана толук аткарылышына күмөн жаратууда.

 

«Тилекке каршы, пилоттук долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик контролдоо органдарынын төмөн активдүүлүгү Бирликте керектөөчүлөрдү коопсуз эмес продукциядан коргоонун натыйжалуу тутумунун өз убагында түзүлүшүнө ишенимди болтурбай жатат», – деп Виктор Назаренко баса белгиледи.

 

Иш-чаранын катышуучулары пилоттук долбоордун ишке ашырылышын ийгиликтүү аягына чыгаруу үчүн бардык мамлекеттик контролдоо органдарынын катышуусу менен тесттик эксплуатациялоонун мөөнөтүнүн узартылышын колдошту. 

 

Тегерек столдун жыйынтыктарын чыгарып жатып, Виктор Назаренко ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу органдарына кооптуу продукция жөнүндө маалымдоонун бирдиктүү тутумун түзүүгө активдүүрөөк катышууну сунуш кылды.